Түркиянын учактары Ирактын түндүгүн бомбалашты

Түркиянын учактары Ирактын түндүгүн бомбалашты

Түркиянын согуштук учактары акыркы бир аптанын ичинде Ирактын түндүгүндөгү Күрдистан жумушчулар партиясынын  (ППК) орундарын төртүнчү жолу бомбалашты. Бул тууралуу Fars агенттиги маалымдады. Түркиянын Күрдистандын жумушчу партиясына каршы “террорчулукка каршы” операцияларынын улантылышы менен өлкөнүн согуштук учактары аталган топтун Ирактын Кандил тоолорундагы орундарын бомбалады. Anadolu агенттигинин маалыматына ылайык, Түркиянын согуштук учактары бейшемби күнү Зап жана Матина аймактарындагы Күрдистандын жумушчу партиясына тиешелүү бир нече баш калкалоо жайларын жана курал-жарак сакталган кампаларын бомбалап жок кылышкан. Бул Түркиянын согуштук учактарынын акыркы жуманын…

Прочитайте больше

Пайдалуу кеңеш: Рациондогу мөмө-жемиштин көбөйүшү депрессия тобокелин 33%га азайтат

Пайдалуу кеңеш: Рациондогу мөмө-жемиштин көбөйүшү депрессия тобокелин 33%га азайтат

Жер ортолук деңиздин диетасы психикалык ден соолукту коргоого жардам берип, депрессия менен күрөшүүнү жеңилдетет. Тамактануу менен психикалык оорулардын өнүгүшүнүн өз ара карым-катнашына арналган 40тан ашуун изилдөөнү анализдеп чыгышкан. Анын натыйжасында рациондогу мөмө, жер-жемиштердин санынын көбөйүшү депрессия тобокелин 33 пайызга азайтары аныкталган. Ошондой эле адистер эт, май жана кумшекер сыяктуу оор азык-түлүктөрдү колдонууну азайтуу көңүл чөккөндүктү 24 пайызга азайтарын аныкташкан. Алынган маалыматтардын негизинде окумуштуулар депрессия менен күрөшүүгө керек болгон рационго туура келген диетаны тандашкан. Изилдөөчүлөр жер…

Прочитайте больше

Адатта аз калориялуу тамак жеген адамдар сасык тумоого тез чалдыгышат

Адатта аз калориялуу тамак жеген адамдар сасык тумоого тез чалдыгышат

Окумуштуулардын айтымында, сасык тумоолоп калганда антибиотиктердин эч кандай пайдасы жок, айыгып кетүүгө жардам бербейт. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгына караганда, оорудан айыгуу үчүн вируска каршы дарылар дагы таасир бере албайт. Бирок сасык тумоо күчөп кетпеши үчүн дарыланыш керек да, эмне кылуу керек? Жообу жөнөкөй: туура тамактануу зарыл. С витаминине бай мөмө-жемиштерге жана жер-жемиштерге көбүрөөк басым жасоо дагы эч кандай жыйынтык бербейт. Төмөндө кайсы азыктар суук тийип же сасык тумоолоп калууда жардам берери, кайсыларынын таасири жок экендиги тууралуу маалыматтар менен…

Прочитайте больше

Адамды кофеден кем эмес сергиткен 7 азык

Адамды кофеден кем эмес сергиткен 7 азык

Тамактануу боюнча белгилүү адис Либби Уивер арыктоо, стресстен арылуу үчүн кофеден баш тартууну сунуштайт. Айрым адамдар кофеге ушунча байланып калган дейсиз, эч бир таңын бул сергитүүчү ичимдиксиз элестете албайт жана анын ордун эч нерсе алмаштыра албастыгына ишенишет. Бирок изилдөөчүлөр адамды кофеден кем эмес сергите алган азыктарды аныкташкан. Шоколад Кофеге мыкты альтернатива – ачуу шоколад. Какао мээнин ишин активдештирип, бир нече саатка күч берген витаминдерди жана минералдарды камтыйт. Андан тышкары шоколад канга серотонин аталышындагы “бактылуулук гормонун”…

Прочитайте больше

Android телефондордун биз билбеген кандай сырлары бар

Android телефондордун биз билбеген кандай сырлары бар

Биз билген телефондордун же планшеттердин жарымы Android оперативдик системасынын негизинде иштейт. Бул смартфондордо биз билбеген кандай сырлары жана колдонуучулар үчүн мүмкүнчүлүктөрү бар? Энергияны үнөмдөөнүн эң оңой жолу Эгерде сиз Android-телефонуңуздун экраны үчүн кара же башка кочкул түстөрдү тандап алсаңыз, телефон же планшет зарядкасыз көпкө чейин иштеп калганын байкайсыз. Азырынча бул функция бардык эле андроиддерде иштей бербейт. Бирок көпчүлүгүндө бар, алсак, Samsung телефондорунда. Текшерип көрүңүз! Текстти үн менен чыгаруу Эгерде сиздин жабдуу Android болсо анда бул…

Прочитайте больше

Египетте жаңы борбор калаа курулат

Египетте жаңы борбор калаа курулат

Кытайдын инженердик компаниясы Египетте жаңы борбор калаа курууда. IRINN агенттигинин маалыматына ылайык, жаңы борбор шаар Каирдин чыгыш тарабынан 45 км. аралыктагы жерге курулууда. Жаңы шаарга берилген жер 700 км.кв. түзөт. Тагыраак айтканда Парижден 7 эсе чоң жерге курулмакчы. Эки тараптуу макулдашуулардын негизинде Пекин бул чоң долбоорду ишке ашырууда Египетке 15 млрд. доллар грант берген. Жаңы борбор калаа Каир менен Суэц каналынын ортосундагы аймакка жайгаштырылмакчы. Египеттин жаңы борбор калаа куруусунун максаты – Каирде калктын жыштыгын суюлтуу…

Прочитайте больше

Еврокомиссия: “катаал” Брексит болушу ыктымал

Еврокомиссия: “катаал” Брексит болушу ыктымал

Улуу Британиянын Евробиримдиктен келишимсиз негизде чыгуу ыктымалдуулугу өсүүдө. Еврокомиссиянын башчысы Юрки Катайнендин айтымында, Брюссель бул вариантка эмне альтернатива болушу мүмкүн экенин түшүнбөй жатат. Катайнендин пикиринде, “катаал” Брексит болушу ыктымал, себеби Улуу Британия парламенти ЕБдан чыгуу боюнча башка жолдорду сунуштаган жок. Брюсселге британ депутаттары кандай чечимдерди кабыл албай турганы гана белгилүү. Буга чейин өлкөнүн премьер-министринин өкүлү Жеймс Слак британ парламентин сынга алган. Ал Брекситти жылдыруу боюнча резолюция биримдиктен келишимсиз чыгууга түртөт деп маалымдаган. Слак депутаттарды британ…

Прочитайте больше

Окумуштуулар дельфиндер жоголуу коркунучунда экендигин айтып чыгышты

Окумуштуулар дельфиндер жоголуу коркунучунда экендигин айтып чыгышты

Цюрих университетинин окумуштуулары климаттын кескин ысып жаткандыгынан улам дельфиндер жоголуу коркунучунда экендигин айтып чыгышты. Бул тууралуу ТАСС чет элдик басылмаларга шилтеме берип жазды. Окумуштуулар Батыш Австралиядагы Шарк булуңунда жашаган дельфиндердин көбөйүүсү боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүшкөн. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгына булуңдагы суунун температурасы 4℃ жогорулагандыгы аныкталган. Окумуштуулар аба ырайынын кескин жогорулашы экосистеманын негизи болгон деңиз өсүмдүктөрүнүн жоголуусуна алып келгендигин билдиришти. “2011-жылдан тарта дельфиндердин өлүмү 12%га өскөн. Ал эми дельфиндер арасында көбөйүү кескин төмөндөп кеткен”, – деп айтылат маалыматта.

Прочитайте больше

Венесуэла кризиси 1 миллиондон ашуун балага таасирин тийгизет

Венесуэла кризиси 1 миллиондон ашуун балага таасирин тийгизет

Венесуэладагы саясий кризистин кесепети. БУУнун Балдарга жардам фонду (ЮНИСЕФ) Венесуэладагы кризистен таасирленген жана гуманитардык жардамга муктаж боло турган балдардын саны 1,1 миллионго жетиши мүмкүн экенин билдирди. ЮНИСЕФтин билдирүүсүндө, Венесуэлада уланган кризистин балдарга болгон терс таасирлерине көңүл бурулду. Билдирүүдө, Венесуэладагы кризистен таасирленген балдардын саны эки эсеге көбөйүшү мүмкүн экени баса белгиленип, коңшу өлкөлөргө да баргандар менен бирге 1,1 миллион баланын коргонууга жана жардамга муктаж боло турганы сөз кылынды. Бразилия, Колумбия, Эквадор жана Гайана сыяктуу аймак өлкөлөрүндөгү…

Прочитайте больше

Сомалиде бомба жайгаштырылган унаа менен кол салуу жасалды

Сомалиде бомба жайгаштырылган унаа менен кол салуу жасалды

Кол салууда 7 киши жараланды. Сомалинин борбор шаары Могадишодо полиция академиясынын имаратына бомба жүктөлгөн унаа менен жасалган кол салууда 7 киши жараланды. Амин тез жардам кызматтарынын директору, доктор Абдулкадир Аден борбор шаардагы Генерал Кахийе полиция академиясынын кире беришине бомба жайгаштырылган унаа менен жасалган кол салууда 7 кишинин жаралангандыгын жана жаралуулардын ооруканага жаткырылгандыгын айтты. Аймакта кызмат кылган бир полиция жетекчиси болсо кол салуунун академиянын кире беришинде болгондугун бирок жакындарда бир ресторандын болушу менен көп сандаган кишинин…

Прочитайте больше

АКШда жоолукчан аскер аял армияга каршы доо ачарын айтты

АКШда жоолукчан аскер аял армияга каршы доо ачарын айтты

Колорадо аймагындагы 704 –  бригадалык батальонунда кызмат кылган 26 жаштагы аскер Сесилия Волдавинос 2016 –  жылы мусулман болгон Америка армиясында аскер катары кызмат кылган мусулман аял жоолугунун мажбурлоо менен чечилишин негиз катары көрсөтүп армияга доо ачарын билдирди. Америка басма сөзүндө чыккан кабарларга караганда Колорадо аймагындагы 704 –  бригадалык батальонунда кызмат кылган 26 жаштагы аскер Сесилия Волдавинос 2016 –  жылы мусулман болгон. Бригаданын командиринен жоолук салуу боюнча атайын уруксатынын бар экендигин баса белгилеген Волдавинос 6 – …

Прочитайте больше

Дүйнөдө орточо өмүр сүрүү мөөнөтү узарды

Дүйнөдө орточо өмүр сүрүү мөөнөтү узарды

Аялдар эркектерге салыштырмалуу узак жашашат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жарыялаган «Дүйнөлүк саламаттык сактоо көрсөткүчтөрү» отчетуна караганда, 2000-2016-жылдар аралыгында орточо өмүр сүрүү мөөнөтү 5,5 жыл өсүп, 66 жарым жаштан 72 жашка жогорулады. Орточо өмүр сүрүүдө киши башына түшкөн киреше белгилөөчү роль ойносо, төмөн кирешелүү өлкөлөрдөгү орточо жашоо мөөнөтү жогорку кирешелүү өлкөлөргө салыштырмалуу 18,1 жыл дагы аз. 2019-жылы 73 миллиону эркек, 68 миллиону кыз жалпы 141 миллион баланын төрөлүшүн көздөгөн отчетто, эркектердин орточо 69,8 жыл, кыздардын болсо…

Прочитайте больше

Конго эпидемялык оорулар менен күрөшүүдө

Конго эпидемялык оорулар менен күрөшүүдө

Конго демократиялык республикасындагы  кызамык, холера жана эбола эпидемияларында жылдын башынан бери эң аз 1000 киши каза болду. Конго демократиялык республикасындагы  кызамык, холера жана эбола эпидемияларында жылдын башынан бери эң аз 1000 киши каза болду. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму берген маалыматка караганда өлкөнүн 29 аймагынан 14 аймакта таасирдүү болгон кызамык эпидемиясы менен 2019 –  жылдын биринчи үч айында 41 миң 720 киши ооруган. Бул оорулуулардан 761 киши каза болгон. Эң көп балдардын арасында жайылган кызамыкка каршы…

Прочитайте больше

Дүйнөнүн эң узун тропикалык дарагы табылды

Дүйнөнүн эң узун тропикалык дарагы табылды

Малайзиянын Сабах аймагында экинчи жолу дүйнөнүн эң узун тропикалык дарагы табылды. Малайзиянын Сабах аймагында экинчи жолу дүйнөнүн эң узун тропикалык дарагы табылды. Малайзия басма сөзүндө орун алган кабарларга караганда араларында Оксфорд жана Ноттингем университети менен Түштүк –  Чыгыш Азия жамгыр токойлорун изилдөө группасы өлкөнүн Борнео аралында орун алган жана мындан мурда дүйнөнүн эң узун тропикалык дарагы табылган Сабах аймагында андан мурда табылган дарактан дагы узун даракты табышты. Узундугу 100, 8 метр экендиги белгиленген меранти дарагы…

Прочитайте больше

Венсуэланын ТИМ жетекчиси Сирияда

Венсуэланын ТИМ жетекчиси Сирияда

Венсуэланын ТИМ жетекчиси расмий сапар менен Дамаскка барып, өлкөнүн президенти жана  ТИМ жетекчиси менен жолугушуу өткөрүүдө. Tasnim агенттигинин маалыматына ылайык, Венесуэланын ТИМ жетекчиси Хорхе Арреасы 4-апрелде Дамаскка расмий сапары менен учуп келди. Хорхе Арреасы  сапарынын алкагында сириялык кесиптеши Валид Муалем менен кеп-кеңеш өткөрүп, өлкөнүн президенти Башар Асад менен жолугушмакчы. Белгилей кетсек, Венесуэланын ТИМ жетекчиси Сириядан мурда Ливанда болуп, өлкөнүн ТИМ жетекчиси Жабран Басил менен жолугушкан соң, президент Мишель Аунга Николас Мадуронун билдирүүсүн жеткирген. Берилген маалыматтарга караштуу,…

Прочитайте больше