Конго эпидемялык оорулар менен күрөшүүдө

Конго демократиялык республикасындагы  кызамык, холера жана эбола эпидемияларында жылдын башынан бери эң аз 1000 киши каза болду.

Конго демократиялык республикасындагы  кызамык, холера жана эбола эпидемияларында жылдын башынан бери эң аз 1000 киши каза болду.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму берген маалыматка караганда өлкөнүн 29 аймагынан 14 аймакта таасирдүү болгон кызамык эпидемиясы менен 2019 –  жылдын биринчи үч айында 41 миң 720 киши ооруган. Бул оорулуулардан 761 киши каза болгон.

Эң көп балдардын арасында жайылган кызамыкка каршы келерки жумада эмдөө кампаниясы баштатылат.

Өзгөчө ReliefWebдин билдиргенине караганда Конго демократиялык республикасында 2019 –  жылдын биринчи 11 жумасында 6 миң 698 холера оорулуусу чыкты. Оорулуулардын 60 пайызы Түндүк Киву жана Хаут Катанга аймактарында аныкталган эпидемияда 177 киши каза болду.

Бир тараптан Конго демократиялык республикасынын саламаттык сактоо министрлиги берген маалыматтарга караганда өткөн июнь айында Түндүк Киву аймагында чыккан жана Итури аймагына жайылган эпидемияда жалпы 1034 эбола оорулуусу чыкты. Бул оорулуулардан 624тү каза болгон.

Аймакта 2018 –  жылы 8 –   августта баштатылган кампаниянын негизинде 94 миң 338 кишиге эмдөө берилди.

 

Жарыяланды 01

Комментарий жиберүү