Газадагы демонстрацияга сионисттердин кол салуусунан 45 палестиналык жарадар болду

Газанын Саламаттык сактоо министрлиги “Жерди кайтаруу” демонстрациясында 40тан ашык палестиналык жаракат алганын билдирди.

Fars агенттигинин маалыматына ылайык, 5-апрелде палестиналыктардын басып алынган жерлерин кайтаруу үчүн өткөрүшкөн демонстрациясына сионисттик режимдин күчтөрү кол салышкан.
Палестинанын Сафа агенттиги бул демонстрациядан 45-70 палестиналык  жарадар болушканын маалымдаган.
Белгилей кетсек, 2018-жылы 30-мартта  Дональд Трамп Кудсту Израилдин борбор калаасы атаган чечиминен соң,  нааразы болушкан палестиналыктар ар бир аптанын жумасында “Жерди кайтаруу” жүрүшүн өткөрүшүүдө. Газанын Салматтыкты сактоо министрлигинин билдирүүсү боюнча, андан бери 270 палестиналык курман болуп, 250 миңи жаракат алган.

Жарыяланды 01

Комментарий жиберүү