Бабанов 13-апрелде Кыргызстанга келет

Бабанов 13-апрелде Кыргызстанга келет

Саясатчы Өмүрбек Бабанов 13-апрелде Кыргызстанга келе турган болду. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Анда ал учуу үчүн билет сатып алганын, ошол күнү саат 14:50дө Бишкекке конорун жазган. Кошумчалай кетсек, Бабанов буга чейин Кыргызстанга келерин кабарлаган болчу.

Прочитайте больше

Мозамбикте ачарчылык коркунучу бар

Мозамбикте ачарчылык коркунучу бар

Эл ачка, жей турчу эч нерсеси жок. «Идай» бороон-чапкыны жана селдерден таасирленген Мозамбикте холера эпидемиясынан кийин эми эл ачарчылык коркунучу менен бетме-бет келди. Улуттук басма сөздө орун алган кабарларга караганда, өлкөнүн жээк шаары Бейранын губернатору Давиз Симанго, катуу шамал жана сел апаатынан орто эсеп менен 1,7 миллион акрдык талаа аянтынын суу астында калганын билдирди. Симанго, жүз миңдеген кишинин азык-түлүккө муктаж экенин баса белгилеп: «Тилекке каршы аймактарда түшүм жыйнала электе апааттар болду. Эми эл ачка, жей…

Прочитайте больше

Францияда жаңы шайлоо чакырыгы

Францияда жаңы шайлоо чакырыгы

Жакоб Макрондун саясатын сынга алды. Францияда борбордук оң Республикачылдар партиясынын улуттук парламенттеги фракция төрагасынын орун басары Кристиан Жакоб, президент Макрондун француздардын ишенимин жана кадыр-баркын түшүргөнүн, жаңы шайлоо өткөрүлүшү керектигин билдирди. Жакоб Макрондун кызматка келген күндөн бери жүргүзгөн саясатын сынга алды. Макрондун маанилүү өзгөрүүлөрдү ишке ашырууну максаттаганын бирок өлкөнү андан жаман абалга алып келгенин белгилеген Жакоб, президенттин француздардын ишенимин жана кадыр-баркын түшүргөнүн айтты. Жакоб шайлоонун президенттин жана өкмөттүн мыйзамдуулугун көрсөткөн жалгыз жол экенин, ушул себептен жаңы президенттик…

Прочитайте больше

Иракта ДЕАШ кол салды

Иракта ДЕАШ кол салды

Кол салууда бир аскер жана бир бала каза болду. Ирактын Салахаддин аймагындагы террордук уюм ДЕАШ кол салуусунда бир аскер жана бир бала каза болуп, Энбардагы кагылышууда 4 террорист өлтүрүлдү. Салахаддин жана Энбар коопсуздук директорлугуна караштуу булактардын берген маалыматына караганда Салахаддин Шаркат районунда бир коопсуздук пунктуна жасалган ракеталык кол салууда бир аскер жана жакындардагы бир бала каза болду. Ракета атылган жердин аныкталышынан кийин террористтердин кармалышы үчүн аймакта операциянын баштатылгандыгы белгиленди. Энбар аймагынын борбору Рамадинин 160 километр…

Прочитайте больше

МосквадаОрусия,Иранжана Түркия парламенттеринин Эл аралык иштер боюнча комитеттеринин жыйыны өтөт

МосквадаОрусия,Иранжана Түркия парламенттеринин Эл аралык иштер боюнча комитеттеринин жыйыны өтөт

10-апрелде Москвада Орусия, Иран жана Түркия парламенттеринин Эл аралык иштер боюнча комитеттеринин биргелешкен жыйыны өтөт. Анда негизги маселе катары аймактагы тынчтык, коопсуздук жана туруктуулук талкууланат.  Daily Sabah басылмасы кабарлагандай, биринчи жолку парламенттик деңгээлдеги бул жолугушуу Түркиянын сунушу менен өткөрүлүп жатат. Түркия парламентинин тышкы иштер боюнча комитети маалымдагандай, бул жыйында Түркия, Ирак жана Орусиянын ортосундагы мамилелер, аймактагы окуялар, үч өлкөнүн парламенттеринин ролу, маанилүүлүгү, перспективалары жана алардын көйгөйлөрдү чечүүчү долбоорлору талкууланат. Билдирүүгө караганда, Орусия, Иран жана Түркия…

Прочитайте больше

Азанчылардын республикалык мелдеши өткөрүлөт

Азанчылардын республикалык мелдеши өткөрүлөт

Азынчылардын республикалык мелдеши 27-апрель күнү имам Сарахси атындагы республикалык борбордук мечитте өтөт. Баш байге Умра сапарына жолдомо 2019-жылдын 27-апрель күнү имам Сарахси атындагы республикалык борбордук мечитте азынчылардын республикалык мелдеши өтөт. Бул күнү өлкө аймагынан танталып алынган 27 азанчы ат салышып, өз күчтөрүн сынап көрүшмөкчү. Азанчылардын республикалык мелдешине Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жана дин аалымдары катышмакчы. «Азынчылар арасында өтүп жаткан мелдеш өлкөбүздө алгачкы жолу уюштурулуп жатат. Республикалык тандоо турунда 3 жеңүүчү аныкталат. Биз…

Прочитайте больше

ИИР парламенти Азиядагы америкалык аскердик базаларды террордук деп атады

ИИР парламенти Азиядагы америкалык аскердик базаларды террордук деп атады

Тегеран Вашингтондун ИРСКны (КСИР) террордук уюмдардын тизмесине кошкон чечимине жооп берди. Ирандын мажилиси (парламент) Батыш Азиядагы баардык америкалык куралдуу күчтөрдү террордук деп жарыялады. Тиешелүү документ парламенттин жыйынында 9-апрелде АКШнын Ислам революциясынын сакчылар корпусун (ИРСК) терррордук уюмдардын тизмесине кошуу тууралуу чечимине жооп катары кабыл алынды. Чечимди иран парламентинин 189 депутаты колдоп, экөөсү каршы добуш берип, бирөөсү – калыс болду. Кабыл алынган мыйзам долбоорунда АКШнын Батыш Азияда жайгашкан баардык аскердик жана чалгындоо бөлүктөрү, ошондой эле менчик жана…

Прочитайте больше