Судандын аскердик кеңешинин президенти отсавкага кетти

Армиянын башкы инспектору Судандын жаңы президенти болду.

Fars агенттигинин маалыматына ылайык, Судандагы бир күндүк өтмө аскердик кеңешинин түзүлүүсүнөн  соң, Авад бен Ауф өз тарабынан бул кеңешти жетектөөдөн баш тартты.
Белгилей кетсек, 13-апрелде Авад бен Ауф билдирүү жасап, отставкага кетээрин жарыялоо менен Судан армиясынын башкы инспектору генерал Абдулфаттах Бурхан анын ордуна президент болоорун кабарлаган.
Берилген маалыматтарга караштуу, жаңы президент өлкөнүн экс-президенти Омар аль-Баширди өлкөдөн качып бараткан жеринен кармап, камакка алган.
Ал эми Авад бен Ауфтун өз эрки менен президенттиктен баш тартуусу судандыктардын  чоң кубанычтары менен коштолду.
Эске салсак, бул аптада Суданда кескин саясий өзгөрүүлөр болуп, 30 жыл башкарган Омар аль-Башир элдин жашоо абалына болгон нааразычылыктарынан улам өз кызматынан четтетилген.

Жарыяланды 02

Комментарий жиберүү