Хашоггининүй-бүлөсү Сауд Аравиядан компенсация алгандыгы тууралуу маалыматты четке какты

Сауд Аравиянын Стамбулдагы консулдугунда өлтүрүлгөн журналист Жамал Хашоггинин балдары  сауд бийлигинен компенсация алуу боюча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү деген маалыматтарды четке кагып, атасын өлтүргөн кылмышкерлерди жазалоону талап кылышты.

Сауд Аравиянын WAS расмий кабар агенттиги маалымдагандай, журналисттин улуу баласы Салах Хашогги белгилегендей, Сауд Аравияда сот процесси дагы деле уланууда жана азыркы учурга чейин компенсация тууралуу эч кандай сүйлөшүүлөр жүргүзүлө элек.  Хашоггинин үй-бүлөсү ошондой эле атасын өлтүргөн кылмышкерлерди жана анын өлүмүнө катыштыгы барлардын баардыгын жазалоону талап кылышты.

Эске салсак, 3-апрелде The Washington Post басылмасы атын атагысы келбеген аткаминерге шилтеме берип, сауд бийлиги Хашоггинин балдарына Сауд Аравиянын Жидда шаарынан миллион долларлык үйлөрдү бергендигин жана алардын ар бирине ай сайын  10 миң доллардан жөлөкпул төлөп берерин жазган.

Сауд режимин ачык сындаган саудиялык белгилүү журналист Жамал Хашогги 2018-жылы 2-октябрда Сауд Аравиянын Стамбулдагы консулдугуна кирген бойдон дайынсыз жоголгон. Алгач Эр-Рияд журналист консулдуктун имаратынан чыгып кеткенин билдирген, бирок кайрадан 20-октябрда коомдук кысымдын күчөп баратканын улам Хашоггинин өлүмүн моюнга алып, ал консулдуктун имаратында жаңжалдан улам каза болгонун ырастаган.

2018-жылдын ноябрында Сауд Аравиянын башкы прокурору Сауд аль-Муажиб Хашоггинин өлүмүнө катыштыгы бар 11 кишини соттоп, анын ичинен 5 кишини өлүм жазасына тартууну суранган.

Жарыяланды 01

Комментарий жиберүү