Ооганстандагы жарылуудан 7 бала набыт кетти

Ооганстандын чыгыш аймагындагы жарылуудан 7 бала курман болду.

Бул тууралуу IQNA агенттиги  al-Balad маалымат порталына шилтеме берип кабарлады.
Ооганстан Лугман провинциясындагы Махтарлам шаарында катылган миналардын жарылуусунан ойноп жүрүшкөн 7 бала курман болгон.
Берилген маалыматка караштуу, ай сайын Ооганстанда жер астында катылган миналар менен ок-даарылардын жарылуусунан 120дай тургун курман болот.  Белгилей кетсек, өлкөнүн айрым аймактары дагы деле миналардан тазалана элек.

Жарыяланды 01

Комментарий жиберүү