Данияда Куранга акаарат келтирген видео таркатылды

Даниянын полициясы Куранга акаарат келтирген видеону тараткандарды камакка алды.

Fars агенттигинин маалыматына ылайык, Даниянын полициясы чагымчылдык жаратуучу видео тараткан шектүү 23 адамды колго түшүрду.
Белгилей кетсек, Даниянын оң тараптуу радикалдуу партиясынын жактоочусу Палудан Расмус демократияга таянуу менен  бул видеодо Куран китебин асманга ыргытканын тартып, аны коомго тараткан.
Анын бул акааратынан соң, бир топ жаштар нааразычылыктарын билдирип митингге чыгышкан. Даниянын премьер-министри Лука Ларес бул ишти “чагымчыл” жана маанисиз деп атаган.
Эске салсак, ушул жылдын 21-мартында Палудан жума намаз окуп жаткандардын көзүнчө Куран китебин өрттөп салган.

Жарыяланды 01

Комментарий жиберүү