Ливиядагы тирешүүдөн жүздөн ашык адам мерт болду

Ливиянын борбору Триполи шаарындагы куралдуу кагылышуудан 121 адам өлүп, 600гө жакын адам жаракат алды.

Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдиргенин  Trt.net агенттиги маалымдады.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Триполи шаарына кошумча кызматкерлер менен дары-дармектер жиберилип жатканын билдирди.
Айрым маалымат булактары жарыялаган маалыматтарда кагылышууларда 147 адам курман болуп, 600дөн ашык адам жаракат алды деп берилүүдө.
Белгилей кетсек, 4-апрелде “Ливия улуттук армиясынын” жетекчиси Халиф Хафтар жана аны колдогон күчтөр чабуул уюштуруп, Ливиянын борборун курчап алышкан.
Бириккен улуттар уюмунун гуманитардык маселелер боюнча башкармалыгынын берген маалыматына караганда, куралдуу кагылышуу башталгандан бери 13,5 миң адам Триполи шаарын таштап кетүүгө аргасыз болушкан.
Маалым болгондой, Ливияда 2011-жылы өлкөнүн жетекчиси Муаммар Каддафи өлтүрүлгөндөн кийин, өлкөдө саясий кризис башталган.

Жарыяланды 02

Комментарий жиберүү