Францияда 3 мечиттин дубалына исламга каршы жазуулар жазылды

Францияда эл Европа Парламентинин шайлоосу үчүн 26 – майда добуш берет.

Франциянын Реннес шаарында үч мечиттин дубалына исламга каршы жазуулар жазылды.

Франция ислам кеңешине караштуу Бретанге аймагынын ислам кеңешинин бул тууралуу арыз берери белгиленди.

Франция ислам кеңешинде иш алып барган Исламофобия байкоо үйүнүн төрагасы Абдуллах Зекри басма сөзгө берген маалыматта бул жазуулардын өчүрүлүшү үчүн иштердин башталгандыгын айтты.

Францияда качан шайлоо өткөрүлө турган болсо мусулмандарга каршы кол салуулардын күч алгандыгына көңүлдөрдү бурган Зекри : «8 жылдан бери бул кызматты аткарып келем. Шайлоо жакындаганда Франциянын маселелери исламга жана мусулмандарга карата чыгат»,- деди.

Францияда эл Европа Парламентинин шайлоосу үчүн 26 – майда добуш берет.

Комментарий жиберүү