Украинада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлдү

Шайлоодо Порошенко менен куудул Зелинский ат салышты.

Украинада кечээ өткөрүлгөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында, алдын ала жыйынтыктарга караганда куудул Владимир Зеленский чоң айырма менен биринчи болду.

Учурдагы президент Порошенко менен куудул Зелинский ат салышкан экинчи айлампада үкөктөр кечки саат 22.00де жабылды.

Улуттук алдын ала жыйынтыктарга караганда, Зелинский 73,2 пайыздык добушка ээ болуп президенттик шайлоону жеңсе, Порошенко 25,3 пайыздык добуш алды.

Зелинский билдирүүсүндө: «Муну биргеликте ишке ашырдык» деп элге ырахмат айтты.

Расмий жыйынтыктар эң кеч 1-майга чейин жарыяланышы керек.

Шайлоону жеңген талапкер май айынын аягына чейин ант берип президенттик кызматын баштайт.

Жарыяланды 02

Комментарий жиберүү