Индонезия: Шайлоонун айынан БШКнын 92 мүчөсү каза болду

Индонезия: Шайлоонун айынан БШКнын 92 мүчөсү каза болду

Индонезияда өткөн шайлоодогу түшкөн добуштарды саноодон улам чарчап, каза болгон кызматкерлердин саны 92ге жетти. Бул тууралуу «Antara» басылмасы жазып чыкты. Буга чейин Xinhua агенттиги 69 адамдын каза болгонун, алардын 15и милиция кызматкери жана 54ү шайлоо бөлүмдөрүнүн кызматкери экенин билдирген болчу. Берилген добуштарды саноо дагы деле уланууда. Бийликтин бардык тармагына талапкерлерди шайлоо 17-апрелде өткөн. Президент, премьер-министр, парламент, жергиликтүү бийликтер, шаардык жана айылдык кеңештерди шайлоо Индонезиядагы эң көлөмдүү шайлоо катары саналат. Анда 193 миллион шайлоочу катталган. Добуш…

Прочитайте больше

Шри-Ланкадагы жардырууга «Ислам мамлекети» жоопкерчиликти алды

Шри-Ланкадагы жардырууга «Ислам мамлекети» жоопкерчиликти алды

Шри-Ланкадагы Пасха майрамында бир нече жерде орун алган жардыруу үчүн «Ислам мамлекети» террордук тобу жоопкерчиликти алганын SITE Intelligence Group уюму маалымдады. Буга чейин Шри-Ланканын Коргоо министри Руван Виджевардена терракт боюнча алдыңкы иликтөө кызматтары жардырууну Крайстчерчтеги мусулмандардын өлүмүнө жооп катары болгонун айтышкан. Акыркы маалыматтар боюнча, Шри-Ланкадагы жардыруудан каза болгондордун саны 321ге жетип, 520 адам жаракат алган. «Джамаат ат-Таухид аль-Ватания» экстремисттик тобу болуп өткөн жардырууга жоопкерчиликти алды. Шри-Ланканын полициясы  жардырууга шектүү катары 40 адамды туткундаган.

Прочитайте больше

Ыксыз семирүү мээнин иштешин начарлатат

Ыксыз семирүү мээнин иштешин начарлатат

Ашыкча салмактагы адамдарда мээнин иштеши начарлайт. Себеби, семирүү мээ менен кан айлануу системасынын ортосундагы байланышты алсыратып, кыймылга тоскоолдук жаратат. Муну АКШдагы Огаст университетинин окумуштуулары жасалган изилдөөлөрдүн жыйынтыгында тастыкташкан. Алардын айтымында, ашыкча салмактуулуктан жабыр тарткандардын акылы, эс тутуму начарлаган. Ашыкча салмак мээнин эрте картаюусун тездетет. Буга чейин адистер мунун себебин таппай келишкен. Америкалык нейрофизиологдор бул ирет башка суроого жооп издеп жаткан учурда, кокусунан байкап калышкан. Андан соң, атайын тажрыйба жасашып, так чечимге келишкен. Дүйнөлүк статистика боюнча,…

Прочитайте больше

Кыргызстан:2023-жылга чейин өлкө толук санариптешет

Кыргызстан:2023-жылга чейин өлкө толук санариптешет

Ош шаарында  Президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда «Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү» биринчи телекоммуникациялык форуму болду. Ага мамлекеттик органдардын, депутаттык корпустун, бизнес-коомчулуктун, электр байланыш компанияларынын операторлорунун, коомдук уюмдардын жана эл аралык уюмдардын 500дөн ашык өкүлдөрү катышты. Форумдун катышуучулары санарип трансформациялоо боюнча мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышып, күндөлүк көйгөйлөрдү жана өлкөнүн санарип экономикасынын негизи катары байланыш тармагын өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Ош шаарында өткөн биринчи телекоммуникациялык форумда чет элдик жана ата-мекендик телекоммуникация рыногун талдап, өлкөнү санариптештирүү процессиндеги…

Прочитайте больше

АКШ Сириядагы күрт согушкерлерине кайрадан курал-жарак жөнөттү

АКШ Сириядагы күрт согушкерлерине кайрадан курал-жарак жөнөттү

Адам укуктары боюнча сириялык мониторинг борбору Америка Сириянын чыгышындагы өзүнүн колдоосу астындагы күрт согушкерлерине аскердик жардамдар жана логистикалык жабдуулар жүктөлгөн 150дөй жүк ташуучу унаа жөнөткөнүн маалымдады. Бул туурасында Fars агенттиги кабарлады. Аталган мониторинг борборунун маалыматына караганда, кечээ, 22-апрель кечинде “Сималка” көзөмөл өткөрү пункту аркылуу Сириянын демократиялык күчтөрү көзөмөлдөгөн аймакка бир нече жүк ташуучу унаа кирген. Жүк ташуучу бул унаалар Сирия аймагына Ирактын түндүгү аркылуу кирген жана “Сималка” өткөрүү пунктунан өтүп, Амуда шаары аркылуу Аль-Хасака провинциясына кирген. АКШ…

Прочитайте больше

Ким Чен Ын Путин менен жолугушуу үчүн Владивостокко келди

Ким Чен Ын Путин менен жолугушуу үчүн Владивостокко келди

Бүгүн эрте менен Пхеньяндын 2 учагы Владивостокко келип конду. Анда Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын жана анын коопсуздук кызматы болгон. Буга чейин Орусия менен Түндүк Кореянын башчылары ушул айдын аягына чейин жолугары тууралуу билдиришкен. Расмий жолугушууда эки тараптуу мамиленин өнүгүшү жана «денуклеаризация» көйгөйлөрү боюнча талкуу жүрөт. Сүйлөшүүлөр 25-апрелде Ыраакы Чыгыш федералдык университетинде өтөт. Мындай тандоо Түндүк Корея тарабынан болгону айтылууда.

Прочитайте больше