АКШ Сириядагы күрт согушкерлерине кайрадан курал-жарак жөнөттү

Адам укуктары боюнча сириялык мониторинг борбору Америка Сириянын чыгышындагы өзүнүн колдоосу астындагы күрт согушкерлерине аскердик жардамдар жана логистикалык жабдуулар жүктөлгөн 150дөй жүк ташуучу унаа жөнөткөнүн маалымдады.

Бул туурасында Fars агенттиги кабарлады. Аталган мониторинг борборунун маалыматына караганда, кечээ, 22-апрель кечинде “Сималка” көзөмөл өткөрү пункту аркылуу Сириянын демократиялык күчтөрү көзөмөлдөгөн аймакка бир нече жүк ташуучу унаа кирген. Жүк ташуучу бул унаалар Сирия аймагына Ирактын түндүгү аркылуу кирген жана “Сималка” өткөрүү пунктунан өтүп, Амуда шаары аркылуу Аль-Хасака провинциясына кирген.

АКШ Сириядагы күрт согушкерлерине сегизинчи жолу курал-жарак жөнөтүп жатат. Адам укуктары боюнча сириялык мониторинг борборунун билдирүүсү боюча, АКШ жөнөткөн аскердик жардамдар жана логистикалык жабдуулар жүктөлгөн 150дөй жүк ташуучу унаалар чыгыш Евфрат аймагына кирген. Азыркы учурга чейин АКШ тарабынан Сириянын күрт согушкерлерине  810дой курал-жарак жүктөлгөн унаалар жеткирилди. Сириялык мониторинг борбору буга чейин 15-апрелде курал-жарактар жүктөлгөн 90дой жүк ташуучу унаа Ирактын түндүгү аркылуу күрт согушкерлерине жеткенин кабарлаган.

Жарыяланды 01

Комментарий жиберүү