Кыргызстан:2023-жылга чейин өлкө толук санариптешет

Ош шаарында  Президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда «Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү» биринчи телекоммуникациялык форуму болду.

Ага мамлекеттик органдардын, депутаттык корпустун, бизнес-коомчулуктун, электр байланыш компанияларынын операторлорунун, коомдук уюмдардын жана эл аралык уюмдардын 500дөн ашык өкүлдөрү катышты. Форумдун катышуучулары санарип трансформациялоо боюнча мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышып, күндөлүк көйгөйлөрдү жана өлкөнүн санарип экономикасынын негизи катары байланыш тармагын өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Ош шаарында өткөн биринчи телекоммуникациялык форумда чет элдик жана ата-мекендик телекоммуникация рыногун талдап, өлкөнү санариптештирүү процессиндеги электр байланыш операторлорунун иш тажрыйбасы каралды. Президент Сооронбай Жээнбеков социалдык кызматтар боюнча пенсияга чыгуу, балага сүйүнчү пул, жөлөк пул алуу үчүн бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу абзел экенин белгилеп, бул – керексиз аныктамаларды жана документтерди жокко чыгаруу аркылуу ишке ашаарын айтты. Ушул милдетти толугу менен “Түндүк” системасы аркылуу электрондук форматта жүргүзүү үчүн бардык шарттарды түзүү зарыл. Форумда Дүйнөлүк Банктын КРдеги туруктуу өкүлү Болормаа Амгаабазар жана Президенттин кеңешчиси Дастан Догоев баяндама жасашты.

Долбоордун алкагында өлкөнүн бир дагы аймактары интернет байланышы жок калбайт. Бул – максатка жетүүгө кедерги болуп жаткан көйгөйлөр чечилет. Иш аракеттер өлкө башчынын жеке көзөмөлүнө алынат. Учурдун талабына санарип технлогиялары аба менен суудай зарыл. Бул региондордун өнүгүүсүндө өзгөчө мааниге ээ. Форумда сүйлөгөн Мамлекет башчысы санариптештирүү президенттик ишинин артыкчылыктуу багыты болгон жана болуп кала берээрин дагы бир ирээт белгиледи.

Аталган чаралар боюнча жылдын аягына чейин керектүү мыйзамдарга жана укук ченемдик актыларга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет. 2019-жылы киреше салыгынын эсебинен жергиликтүү бюджеттерге кошумча 2,1 млрд сом бөлүнүүдө. Мындан сырткары региондорду өнүктүрүү үчүн республикалык бюджетке өзүнчө берене менен 2 млрд. сом каралган. Эми жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн аракети менен керек болот деди президент.

Ошондой эле санариптештирүүдө байланыш операторлорунун ролу чоң. Анткени сапаттуу жана ыкчам интернетти өлкөнүн бардык аймактарына жеткирүүсү зарыл. Андыктан, аймактардагы жана шаар тургундарына бирдей сапатта интернет жеткирүү талабы коюлду.

Белгилей кетсек, аталган долбоорго бейөкмөт уюмдар тарабынан 50 млн. АКШ доллары бөлүнгөн. Аталган долбоор – биринчи кезекте социалдык санариптештирүүнүн негизинде калкка сапаттуу муниципалдык кызматтарды көрсөтүү болуп саналат. Президент Сооронбай Жээнбеков аймактарды санариптештирүү тармагында бардык маселеге кылдат көнүл бурула турганын белгиледи.

Санариптеширилген Кыргызстанда жакынкы келечекте өлкөнүн бардык аймактарына интернет туташтырыла турган болууда. Муну менен ыкчам жана сапаттуу кызматтар ишке кирет. Ошондой эле ачык-айкындуулук да күчөйт. Ошол эле учурда аймактардагы социалдык тармактарды өнүктүрүүгө басым жасалат. Бул – 2023-жылга чейин толук ишке ашырылаары пландалган.

Комментарий жиберүү