Сириянын Идлиб шаарында катуу жардыруу болду

Сириянын маалымат каражаттары Идлиб облусунун батыш тарабында катуу жардыруу болгонун кабарлашты.

Fars агенттигинин маалыматына ылайык, Сирия оппозициясынын маалымат каражаттары Идлиб облусунун батыш тарабында катуу жардыруу болгонун билдиришти.
“Алеппо аль-Яум” расмий эмес агенттиги жардыруу болгон жерден алынган сүрөттөрдү жарыялоо менен “Идлиб облусунун батышындагы Жиср-эш-Шугур шаарында катуу жардыруу болду. Бирок, жардыруунун себеби азырынча белгисиз”, – деп жазып чыккан.
Жергиликтүү маалымат булактары жардыруудан аз дегенде он бир адам каза болуп, отузга жакын адам жаракат алганын маалымдашты.
Айрым расмий эмес булактардын маалыматтарына караганда, бомба коюлган унаа жарылган.
Аль-Маядин телеканалынын кабарчыларынын бири өзүнүн жеке Twitter баракчасына жардыруу болгон жер Идлиб облусунун көпчүлүк аймагын көзөмөлүнө алган Жабхат ан-Нусра тобунун мекемеси болгонун жазып чыккан.

Комментарий жиберүү