Нур-Султанда Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы башталды

Казакстандын борбору Нур-Султанда Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы башталды.

Бул тууралуу Mehr агенттиги SANA агенттигине шилтеме берүү менен кабарлады. Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Орусия делегациясын Орусиянын Сирия боюнча атайын өкүлү Александр Лаврентьев, Ирандын делегациясын ИИРдин тышкы иштер министринин саясий маселелер боюча жардамчысы Али Асгар Хаджи жана Түркиянын делегациясын тышкы иштер министрдин орун басары Седат Онал жетектеп келди.

Ошондой эле Казакстандын борборуна Дамаск өкмөтүнүн, куралдуу оппозициянын жана Иорданиянын өкүлдөрү байкоочу катары келишти. Мындан тышкары, сүйлөшүүлөргө БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Гейр Педерсон да катышат.

Жарыяланды 01

Комментарий жиберүү