Путин Ким Чен Ын менен жолуккандан кийин маалымат берди

Орусиянын президенти Владимир Путин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолукту.

Орусиянын президенти Владимир Путин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Корея жарым аралындагы маселени кантип чече ала тургандарын сүйлөшкөндөрүн айтты.

Путин Ким менен Владивосток шаарында жайгашкан Ыраакы Чыгыш Федералдык университетинде жолуккандан кийин сөз сүйлөдү.

Жолугушууга «абдан комплекстүү» деп баа берген Путин Ким Чен менен Орусия-Түндүк Корея карым-катнаштарынын тарыхы жана өз ара алакаларды бекемдөө темасында күтүүлөрдү сүйлөшкөндөрүн билдирди.

Путин: «Корея жарым аралындагы абал туурасында сүйлөштүк. Абалды калыбына келтирүү үчүн эмне жасалышы керектиги жөнүндө пикир алмаштык»,-деди.

Түндүк Кореянын лидери Ким болсо, Путин менен бетме-бет актуалдуу маселелерге карата ар тараптуу пикир алмашкандарын белгиледи.

Ким: «Сүйлөшүүлөрдүн пайдалуу жана иштиктүү түрдө мындан кийин да улана беришин үмүт кылам»,-деп айтты.

Жарыяланды 02

Комментарий жиберүү