Сирия:Америкалык коалиция кетсин!

Сириянын Коргоо министрлигинин орунбасары өлкөдөгү америкалык коалициянын кетүүсүн талап кылды.

Бул тууралуу Tasnim агенттиги аль-Маядин каналына шилтеме берип маалымдады.
Белгилей кетсек, Сириянын Коргоо министрлигинин орунбасары Москвада өткөн конференцияда сөз сүйлөп мындай деген: Дамаск Вашингтондун өз күчтөрүн Сирияда калтыруу чечимине каршы жана бул аракет өлкөнүн бүтүндүгүнө кол салуу менен барабар.
Ал ошондой эле Сириядагы “ак каскачандарды” Америка өз пландарын ишке ашыруу үчүн пайдаланып жатканын кошумчалап кетти.
Сирия жетекчилери “ак каскачандарды” өлкөдөгү террорчу топтор менен биргеликте ишетешет деп ишенишет.
Сириянын Коргоо министрлигинин орунбасары сөзүнүн аягында мындай деп белгиледи: Америкалыктар Сириядагы Арбакан лагерин камакка айлантышты жана ал жердегилерге аймакты таштап чыгууларына уруксат бербей жатышат.

Комментарий жиберүү