Сирия сүйлөшүүлөрүнүн катышуучулары Голан Сирияныкы экенин белгилешти

Жыйын алкагында Иран Ислам Республикасы, Орусия Федерациясы жана Түркия Республикасы Сирия тынчтыгына кепил өлкөлөр катары Сирия Араб Республикасынын эгемендүүлүгү, көз карандысыздыгы, биримдик жана аймактык бүтүндүгү аларын бекем милдеттенмеси жана БУУнун негизи максаты  экенин баса белгилешти.
Мындан тышкары эрежелер бүткүл дүйнө боюнча сакталышы зарыл экенин, эч кандай иш-аракеттер, бузукулуктар эл аралык эрежелерди бузуусуна жол берилбей турганын билдиришти.
Муну менен катар Американын Израилди Сириянын Голан бийиктиктерине эгедер деп таануусун сынга алышып, бул иш-аракет Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 497-токтомун одоно бузуу болуп саналарын жана Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жана коопсуздукка чоң коркунуч алып келерин баса белгилешти.
Сирия тынчтыгына кепил өлкөлөр Сириянын Түндүк-Чыгышындагы кырдаал боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга макулдашышты жана аймактагы тынчтык жана коопсуздук бир гана Сириянын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн урматтоо менен жетишиле турганын билдиришти.
Ошондой эле, Идлиб аймагында ок атууну токтотууну бузууларды кыскартуу үчүн конкреттүү кадамдарды жасоого макулдашышты.
Жыйын алкагында эч кандай шартсыз өлкө боюнча бүткүл сириялыктарга гуманитардык жардам берүү зарыл экенин баса белгиленди. Катышуучулар эл аралык коомчулуктан, айрыкча БУУдан жана гуманитардык агенттиктерден эл аралык гуманитардык укуктардын негизинде Сирияда негизги объектилерди калыбына келтирүүгө, суу жана электр энергиясы менен камсыз кылууга, мектептердин жана ооруканалардын курулуштарына жардамдарын көбөйтүүгө чакырып өтүштү.
Мындан тышкары, качкындардын кайтып баруулары үчүн шарттарды түзүү зарылдыгы, өлкөдөгү жашоочулардын укугун камсыз кылуу жана аларды колдоо маселелерин талкуулашты. Бул боюнча дагы эл аралык коомчулукту тийиштүү жардамдарын берүүгө чакырып өтүштү.
Сирия тынчтыгына кепил өлкөлөр мындан ары дагы бардык кызыкдар тараптар менен, анын ичинде   БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы жана башка адистештирилген эл аралык уюмдар менен кызматташууларын улантууга даяр экендиктерин кошумчалап өтүштү.
Жыйын алкагында “Астана” сүйлөшүүлөрүндө байкоочу өлкөлөрдүн санын арттыруу талкууланды жана Сириянын кошуна өлкөлөрүн (Ирак жана Ливан) чакырууга макулдашышты. Аталган жыйынды баштоодо Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин ролу чоң экенин баса белгилешти жана Сирия боюнча он экинчи эл аралык жыйынды өткөрүп жаткандыгы үчүн өлкө өкмөтүнө ыраазычылык билдиришти.
Сирия тынчтыгы боюнча эл аралык жыйындын кийинки айлампасын 2019-жылдын июль айында өткөрүүгө макулдашышты. Он экинчи жыйынга Москва, Тегеран, Анкара, Дамаск өкмөтүнүн өкүлдөрү, БУУнун атайын өкүлү жана Сириянын каршылаштарынын делегациясы катышты.

Жарыяланды 02

Комментарий жиберүү