Чоң жыйырмалар саммити Сауд Арабияда өткөрүлөт

Чоң жыйырмалар саммити Сауд Арабияда өткөрүлөт

2020 –  жылы ноябрь айында боло турган чоң жыйырмалардын лидерлер саммити Сауд Арабияда өткөрүлөт. 2020 –  жылы ноябрь айында боло турган чоң жыйырмалардын лидерлер саммити Сауд Арабияда өткөрүлөт. Сауд Арабиянын расмий маалымат агенттиги SPAда орун алган кабарга караганда 15 –  чоң жыйырмалардын лидерлер саммити Король Селмен бин Абдулазиздин жетекчилигинде 21 – 22 –  ноябрда борбор шаар Риядда өткөрүлөт. Кабарда 2020 –  жылы Сауд Арабиянын жетекчилигинде өткөрүлө турган саммиттин мүчө өлкөлөр менен карым  – катнаштарды өнүктүрүүнү,…

Прочитайте больше

Соңку жаңылык; Шри-Ланкада удаама-удаа жарылуулар болууда…

Соңку жаңылык; Шри-Ланкада удаама-удаа жарылуулар болууда…

Шри-Ланкада дагы 8 жарылуу болду. Шри-Ланкада дагы 8 жарылуу болду. Өлкөдө көчөгө чыгууга тыюу салынды. Чиркөө жана отелдерди бутага алган жардырууларда каза тапкандардын саны 185ке жетти.

Прочитайте больше

Пакистандагы сел 39 адамдын өмүрүн алды

Пакистандагы сел 39 адамдын өмүрүн алды

Пакистандагы Өзгөчө кырдаалдар уюмунун жетекчилиги өлкө аймагында катуу сел жүрүп, 39 адам агып кеткенин жарыялады. Бул тууралуу Fars агенттиги Пакистан ЖМКаларына шилтеме берип маалымдады. Белгилей кетсек, Пакистандын батыш аймактарында сел жүрүп, 39 адам сууга агып, бир канчалары жаракат алышкан. Пакистандын Өзгөчө кырдаалдар уюмунун билдирүүсу боюнча, өлкөнүн 2 провинциясы көбүрөөк  жабыркап, эмеректери толук бузулган.  Бул уюм ошондой эле алдыдагы 2 күндө катуу жамгыр жаашына ыктымал беришкен. Эске салсак, жаздын келиши менен нөшөрлөгөн жаандан улам Иран, Түркмөнстан жана  Пакистанда…

Прочитайте больше

Сауд коалициясынын Йемендеги агрессиясынын натыйжасы:Миңдеген балдар өлдү

Сауд коалициясынын Йемендеги агрессиясынын натыйжасы:Миңдеген балдар өлдү

БУУнун балдар жана куралдуу чыр-чатактар маселеси боюнча атайын өкүлү Виржиниия Гамба Йемендеги балдардын абалы боюнча баяндамасында сауд коалициясынын Йемендеги агрессиясынын натыйжасында миңдеген балдар набыт болгонун белгиледи. Бул тууралуу Fars агенттиги кабарлады.  Анын айтымында, Йеменде 7500дөн ашуун бала өлтүрүлгөн же майып болуп калган жана  балдарга гуманитардык жардам жеткирүүдөн баш тартуу боюнча 800 учур катталган. Ал бул маалыматтар 2013-жылдын апрелинен тартып 2018-жылдын аягына чейин чогултулганын айтып, маалымат чогултуудагы кыйынчылыктарга байланыштуу йемендик балдарга карата жасалган сексуалдык зордук-зомбулуктардын көбү катталбай калганын…

Прочитайте больше

Ким Чен Ын менен Путин келерки аптада жолугушат

Ким Чен Ын менен Путин келерки аптада жолугушат

Орусия президентинин кеңешчиси Путин менен Түндүк Корея лидеринин жолугушуусу тууралуу билдирди. Бул тууралуу Mehr агенттиги ТАССка шилтеме берип кабарлады. Юрий Ушаков келерки аптада Орусия президенти Ким Чен Ынды тосуп алууга даярданып жатканын маалымдады. Берилген маалыматтарга караштуу, учурда эки тараптын жолугушуулары боюнча бир канча шаарлар жана алардын ичинде  Владивосток шаары каралууда. Белгилей кетсек, мындан мурда Түндүк Корея ЖМКалары 23-апрелде Путин менен Ким Чен Ындын жолугушуусу болоорун маалымдашкан.

Прочитайте больше

Францияда 3 мечиттин дубалына исламга каршы жазуулар жазылды

Францияда 3 мечиттин дубалына исламга каршы жазуулар жазылды

Францияда эл Европа Парламентинин шайлоосу үчүн 26 – майда добуш берет. Франциянын Реннес шаарында үч мечиттин дубалына исламга каршы жазуулар жазылды. Франция ислам кеңешине караштуу Бретанге аймагынын ислам кеңешинин бул тууралуу арыз берери белгиленди. Франция ислам кеңешинде иш алып барган Исламофобия байкоо үйүнүн төрагасы Абдуллах Зекри басма сөзгө берген маалыматта бул жазуулардын өчүрүлүшү үчүн иштердин башталгандыгын айтты. Францияда качан шайлоо өткөрүлө турган болсо мусулмандарга каршы кол салуулардын күч алгандыгына көңүлдөрдү бурган Зекри : «8 жылдан…

Прочитайте больше

Пакистандын ТИМ башчысынын кеңешчиси:Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу террорчу эмес ,АКШнын армиясы жана Борбордук чалгын кызматы (ЦРУ) террорчу

Пакистандын ТИМ башчысынын кеңешчиси:Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу террорчу эмес ,АКШнын армиясы жана Борбордук чалгын кызматы (ЦРУ) террорчу

Пакистандын ТИМ башчысынын кеңешчиси бардык террордук уюмдар, анын ичинде “Аль-Каида”, “Талибан” жана “ИШИМ” АКШ армиясы тарабынан даярдыктан өткөн, ошондуктан Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусун эмес, Американын армиясын жана Борбордук чалгын кызматын (ЦРУ) террордук деп аташ керек деп билдирди. Бул тууралуу Fars агенттиги жазды. Пакистандын тышкы иштер министринин кеңешчиси Назар Аббас Исламабаддагы Fars агенттигинин кабарчысына берген маегинде, башка өлкөлөрдүн аскердик күчтөрүн террордук деп атоонун өзү террордук актынын бир түрү болуп саналат, муну менен Америка чоң катачылык кетирди деп…

Прочитайте больше

Орусия НАТО менен кызматташууну толугу менен токтотту

Орусия НАТО менен кызматташууну толугу менен токтотту

Орусия ТИМинин башчысынын орун басары Александр Грушко 15-апрелде өлкө НАТО менен жарандык жана аскердик линиядагы кызматташууну толук токтотконун билдирди. Аскердик багыт боюнча байланыштардын үзүлүшүнө ал толугу менен альянстын өкүлдөрүн күнөөлөдү. ​” НАТО Орусия менен мамилесинде позитивдүү күн тартибинен өзү баш тартты. Ал жок. НАТО бул туңгуюктан кантип чыгарын билбейт”, – деди дипломат. Грушко НАТО өлкөлөрүнүн аскердик чыгымдары былтыр триллион доллардан ашканын, бул Орусиянын коргоо чыгымдарынан 22 эсеге көп экенин белгиледи. Ошол эле маалда ал Москва…

Прочитайте больше

Париждеги Нотр-Дамде Пари храмы өрттөнүп кетти

Париждеги Нотр-Дамде Пари храмы өрттөнүп кетти

Франциянын маалымат каражаттары Париждин борборундагы атактуу Нотр-Дам де Пари храмында катуу өрт чыкканын маалымдашты. Mehr агенттигинин маалыматына ылайык, Париждин борборундагы атактуу, ири  Нотр-Дам де Пари храмында катуу өрт чыкты. Ибадаткананы калыбына келтирүү иштери жүрүп жаткан жана анын чатырындагы жыгачтар күйүп, өрттүн келип чыгышына себеп болгон. Маалыматтарга караганда, храмдын чатыры толугу менен кыйраган. Бирок, айрым булактарда имарат толугу менен жараксыз абалга келгени айтылууда. Берилген маалыматка ылайык, имараттан адамдар чыгарылган, бирок азырынча ири жоготуулар боюнча маалыматтар бериле элек….

Прочитайте больше

Ливиядагы тирешүүдөн жүздөн ашык адам мерт болду

Ливиядагы тирешүүдөн жүздөн ашык адам мерт болду

Ливиянын борбору Триполи шаарындагы куралдуу кагылышуудан 121 адам өлүп, 600гө жакын адам жаракат алды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдиргенин  Trt.net агенттиги маалымдады. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Триполи шаарына кошумча кызматкерлер менен дары-дармектер жиберилип жатканын билдирди. Айрым маалымат булактары жарыялаган маалыматтарда кагылышууларда 147 адам курман болуп, 600дөн ашык адам жаракат алды деп берилүүдө. Белгилей кетсек, 4-апрелде “Ливия улуттук армиясынын” жетекчиси Халиф Хафтар жана аны колдогон күчтөр чабуул уюштуруп, Ливиянын борборун курчап алышкан. Бириккен улуттар уюмунун гуманитардык…

Прочитайте больше

Данияда Куранга акаарат келтирген видео таркатылды

Данияда Куранга акаарат келтирген видео таркатылды

Даниянын полициясы Куранга акаарат келтирген видеону тараткандарды камакка алды. Fars агенттигинин маалыматына ылайык, Даниянын полициясы чагымчылдык жаратуучу видео тараткан шектүү 23 адамды колго түшүрду. Белгилей кетсек, Даниянын оң тараптуу радикалдуу партиясынын жактоочусу Палудан Расмус демократияга таянуу менен  бул видеодо Куран китебин асманга ыргытканын тартып, аны коомго тараткан. Анын бул акааратынан соң, бир топ жаштар нааразычылыктарын билдирип митингге чыгышкан. Даниянын премьер-министри Лука Ларес бул ишти “чагымчыл” жана маанисиз деп атаган. Эске салсак, ушул жылдын 21-мартында Палудан жума…

Прочитайте больше

Ливияда Хафтерге караштуу 25 кишилик топ Өкмөттүк күчтөргө багынып берди

Ливияда Хафтерге караштуу 25 кишилик топ Өкмөттүк күчтөргө багынып берди

Улуттук макулдашуу өкмөтүнө караштуу күчтөр, борбор шаар Триполинин түштүк тарабында генерал Халифе Хафтерге караштуу согуштук учакты атып түшүргөндөрүн жарыялады. Ливиядагы Улуттук макулдашуу өкмөтүнө караштуу күчтөр, борбор шаар Триполинин түштүк тарабында генерал Халифе Хафтерге караштуу согуштук учакты атып түшүргөндөрүн жарыялады. Улуттук макулдашуу өкмөтү жүргүзгөн «Буркан эл-Габад» (Ызалануу вулканы» операциясына таандык социалдык медиа барагынан берген билдирүүсүндө, Улуттук макулдашуу өкмөтүнүн күчтөрү Триполинин түндүк тарабындагы Вади эр-Раби аймагында генерал Халифе Хафтерге таандык согуштук учакты түшүргөндөрүн жарыялады. Жарыяда учкучтун абалы…

Прочитайте больше

Жээнбеков Германияга барды (фото)

Жээнбеков  Германияга барды (фото)

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 14-апрелде эки күндүк расмий иш сапары менен Германияга барды. Визиттин биринчи күнү, 15-апрель экономикалык блокко арналат. Мамлекет башчысы кыргыз-немис экономикалык форумга катышат,  Х.Зайдель атындагы Фонддо сөз сүйлөйт, айыл-чарба ишканасына барат. Мюнхен шаарында Президент Сооронбай Жээнбеков Бавариянын мамлекеттик канцеляриясынын башчысы,  Бавариянын федералдык жана европалык маселелер, ММК маселелери боюнча мамлекеттик министр Флориан Херман менен, экономика, өнүгүү жана энергетика мамлекеттик министри, Бавариянын Премьер-министринин орун басары Хуберт Айвангер менен жолугушат. Мамлекет башчысы ошондой эле Германияда иштеп,…

Прочитайте больше

Ооганстандагы жарылуудан 7 бала набыт кетти

Ооганстандагы  жарылуудан 7 бала набыт кетти

Ооганстандын чыгыш аймагындагы жарылуудан 7 бала курман болду. Бул тууралуу IQNA агенттиги  al-Balad маалымат порталына шилтеме берип кабарлады. Ооганстан Лугман провинциясындагы Махтарлам шаарында катылган миналардын жарылуусунан ойноп жүрүшкөн 7 бала курман болгон. Берилген маалыматка караштуу, ай сайын Ооганстанда жер астында катылган миналар менен ок-даарылардын жарылуусунан 120дай тургун курман болот.  Белгилей кетсек, өлкөнүн айрым аймактары дагы деле миналардан тазалана элек.

Прочитайте больше

Судандын аскердик кеңешинин президенти отсавкага кетти

Судандын аскердик кеңешинин президенти отсавкага кетти

Армиянын башкы инспектору Судандын жаңы президенти болду. Fars агенттигинин маалыматына ылайык, Судандагы бир күндүк өтмө аскердик кеңешинин түзүлүүсүнөн  соң, Авад бен Ауф өз тарабынан бул кеңешти жетектөөдөн баш тартты. Белгилей кетсек, 13-апрелде Авад бен Ауф билдирүү жасап, отставкага кетээрин жарыялоо менен Судан армиясынын башкы инспектору генерал Абдулфаттах Бурхан анын ордуна президент болоорун кабарлаган. Берилген маалыматтарга караштуу, жаңы президент өлкөнүн экс-президенти Омар аль-Баширди өлкөдөн качып бараткан жеринен кармап, камакка алган. Ал эми Авад бен Ауфтун өз эрки…

Прочитайте больше
1 2 3 4 5 7