Ирактан Тажикстанга 84 бала кайтарылды

Душанбедеги өкүлчүлүгү кабарлады. Бул балдардын айрымдары бир нече жыл мурун ата-энелери менен бирге Иракка келишкен, ал эми айрымдары ошол өлкөдө төрөлүшкөн. Бул балдардын көбүнүн ИШИМ согушкери болгон аталары өлтүрүлгөн, качып жүрөт же дайынсыз жоголгон, энелери болсо Багдаддагы түрмөлөрдө отурушат.

Расмий маалыматтар боюнча, азыркы учурда Ирактын түрмөлөрүндө 43 тажик аял бар. Тажик бийлигинин расмий билдирүүсүнө караганда, Ирактагы балдарды кайтаруу Ирак өкмөтүнүн, тышкы иштер министрлигинин жана эл аралык уюмдардын, анын ичинде ЮНИСЕФтин жардамы менен ишке ашырылды.

Тажикстандын тышкы иштер министринин орун басары Музаффар Хусейнзода кабарчылар менен болгон маегинде, Ирактагы тажик балдарын кайтаруу маселеси олуттуу караларын билдирди. Ал Ирак өмөтү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын айтып, бул иштерди аягына чыгарууга зарыл болгон бардык чаралар көрүлөрүн белгиледи.

Азыркы учурда Ирактын түрмөлөрүндө 11 тажик бала энелери менен бирге кармалып турат. Тажик бийлигинин маалыматы боюча, 2014-жылдан бери Сирия менен Иракка тажикстандык 1900дөй жаран, анын ичинде аялдар жана балдар чыгып кеткен. Учурга чейин 300 киши мерт болгону катталган. Алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн көбү Сирия жана Ирак бийлигинин чечими менен атайын лагерлерге жайгаштырылган. Багдаддын атайын соту ондогон тажик аялдарын көп жылга кесип, айрымдарын өмүр бою эркинен ажыраткан.

Комментарий жиберүү