Катар АКШнын Иранга каршы санкцияларды күчөтүү тууралуу чечимине макул эместигин билдирди

Катардын тышкы иштер министри өлкөсү АКШнын Иранга каршы санкциялары узартылбашы керек деп эсептерин айтып, Иранга карата бир тараптуу санкциялар оң таасир алып келбейт деп билдирди.

Бул тууралуу Mehr агенттиги Elnashra агенттигине шилтеме берип жазды. Маалыматка ылайык, Мухаммед бен Абдель Рахман Аль Тани Дохада өткөн басма сөз жыйынында “Санкциялар күчөтүлбөшү керек, анткени алар Иран мунайын пайдаланган өлкөлөргө терс таасирин тийгизет”, – деп билдирди.

“Биздин көз караш боюча бир тараптуу санкциялар кризисти чечүүдө оң таасир алып келбейт, кризистер диалог жолу менен чечилиши керек”, – деди аль-Тани.

Белгилей кетсек, Иран мунайынын экспортун нөлгө жеткиребиз деп убадалаган Трамптын администрациясы бир нече айдан кийин кайрадан бул коркутуулардан артка чегинип, 2018-жылдын ноябрында сегиз өлкөнү Иранга каршы санкциялардан бошоткон. Буга карабастан Ак үй жакында эле бир катар өлкөлөргө Ирандан мунай импорттоого берген убактылуу жеңилдикти токтотуу боюнча чечим кабыл алган.

Комментарий жиберүү