Николас Мадуро козголоңдун АКШ тарабынан пландалгандыгын айтты

Николас Мадуро борбор шаар Каракаста мамлекеттик  сарай Мирафлорестин маңдайындагы Сукре  бульварында 1 –  Май эмгекчилер жана тилектештик күнүнүн негизинде өткөрүлгөн иш чарада сөз сүйлөдү.

Венесуэланын мамлекет башчысы Николас Мадуро өлкөсүндө мурунку күнү киришилген козголоң кыймылынын АКШ тарабынан пландалгандыгын айтып : «Ак үйдөн Улуттук коопсуздук кеңешчиси Жон Болтон тарабынан башкарылды»,- деди.

Николас Мадуро борбор шаар Каракаста мамлекеттик  сарай Мирафлорестин маңдайындагы Сукре  бульварында 1 –  Май эмгекчилер жана тилектештик күнүнүн негизинде өткөрүлгөн иш чарада сөз сүйлөдү.

1 – Май эмгекчилердин жана тилектештик күнүнө бул жылы абдан жогорку санда катышуу болгондугун айткан Мадуро : «Жумушчу боордошторум 1 –  Май каарман жумушчу күнүндө жаңы бир сокку кыймылы жеңилүүгө учуратылды. Бул  1 –  Майда  уюштурулган митинг эмне болсо болсун Венесуэла калкынын мекенин жана төңкөрүшүн коргой тургандыгын айтууда. Командир Чавезди кулата алышкан жок жана бизди да кулата алышпады, кулата алышпайт да».

Мадуро өлкөсүндөгү сокку кыймылында АКШнын  үлүшү бар экендигин айтып : «Бир Европа гезити кечээ Дональд Трам жана Жон Болтондун  аскердик козголоңдун бардык операцияларын координациялагандыгын жазды. Чили, Бразилия, Аргентина жана Колумбия өкмөттөрүнө телефон чалып колдоолорун суранышыптыр. Кечээ болгон козголоң кыймылы Ак үйдөн, Жон Болтон тарабынан башкарылды»,- деди.

Мадуро  «өлкөдөн чыгып кетүүгө даяр экендигин бирок орустардын аны көндүргөндүгүнө» байланыштуу АКШ тарабынан берилген маалыматтардын чындыкты чагылдырбагандыгын да билдирди.

Мамлекет башчысы Мадуро өзгөчө элдин арыз жана сунуштарын угуу үчүн Улуттук өзгөрүү планынын ишке ашырыларын билдирди.

Жарыяланды 02

Комментарий жиберүү