Түрк согушкерлери Түндүк Ирака чабуул жасады

Туркиянын коргоо министирлиги Ирактын түндүгүндөгү  Хафтани районуна кол салуу болгондугун жарыялады .

 Fars News маалымат агентинин маалыматына  караганда ,Туркиянын коргоо министирлигин айтымында, Туркиянын согушкерлери Ирактын түндүк  аймагындагы Хафтани районун  бомбалагандыгы тууралуу жарыялаган .

Акыркы жылдарда Түркия бир нече жолу ПКК элементтерин басуу деген шылтоо менен Ирактын аймагына кол салып келет.Бул агрессияны  Ирак өкмөтү жана башка өлкөлөр курч мамиле  менен кабыл алган.

Анкара жана ПКК ортосундагы ок атпоо келишими  бузулгандан кийин ,Ирактын түндүгүндөгү тоолуу аймактарда түрк аба чабуулдары 2011-жылдын июлунда калыбына келтирилген .Түркияда күрд улутунун өкүлдөрү менен тынчтык жараянасы 2012-жылы декабрда чечилет баштаган,жана 2015-жылы июль айында Суруч шаарындагы    жардыруудан  кийин  токтотулган.

Андан кийин, түрк армиясы жана ПКК кайрадан бири-бирине  кол салган .Статистикалык маалыматтарга ылайык, ушуга чейин аз дегенде алты жүз түрк коопсуздук күчтөрү жана 7000 ПКК мүчөлөрү өлтүрүлгөн.

 

Жарыяланды 02

Комментарий жиберүү