АКШ 2018-жылы аскердик операцияларда 120 жай тургунду өлтүргөнүн моюнга алды

Пентагон АКШнын 2018-жылы Ирак, Сирия, Ооганстан жана Сомалиде жүргүзгөн аскердик операцияларында 120 жай тургун каза болгонун моюнга алды.

Бирок көз карандысыз мекемелер чыныгы статистика бул көрсөткүчтөн кыйла жогору экенин айтышууда. Бул тууралуу Fars агенттиги кабарлады. Америка Конгрессинин талабы боюнча даярдалган АКШнын Коргоо министрлигинин баяндамасында, Сирия менен Иракта 42 жай тургун, Ооганстанда 76 жана Сомалиде 2 жай тургун мерт болгону айтылды. Пентагон бул баяндамада ошондой эле “ведомство Ливия жана Йеменде карапайым калк арасында курмандыктар болгондугу  туурасында анык маалыматтарды алган эместигин” билдирди.

“АКШнын коргоо министрлигинин 2018-жылдагы бардык операциялары мыйзамга ылайык, анын ичинде согуш убагында граждандык калкты коргоо боюнча мыйзам менен жүргүзүлгөн”, – деп айтылат Пентагондун билдирүүсүндө. Дүйнөдөгү аскердик чыр-чатактарда жай тургундар арасындагы курмандыктардын статистикасына байкоо салып, жарыялаган көз карандысыз мекемелер, анын ичинде Air Wars уюму  Пентагон жарыялаган статистикасын четке кагып, АКШнын коргоо министрлиги бул өлкөнүн чабуулдарында каза болгон жай тургундардын санын чыныгы статистикадан аз көрсөткөнүн баса белгиледи.

Air Wars уюмунун директору Крис Вудс көз карандысыз мекемелердин эсептөөлөрү боюнча  жабыркаган жай тургундардын саны Пентагондун эсептөөлөрүнөн 10 эсеге көп экенин билдирди. Air Wars уюмунун маалыматы боюнча, 2018-жылы АКШнын чабуулдарында бир гана Сирияда эле 800 жай тургун набыт болгон. Ал эми Пентогон болсо АКШнын чабуулдарында 42 эле жай тургун каза тапканын ырастаган.

Өткөн аптада Air Wars уюму  Эл аралык Amnesty International уюму менен бирге чыгарган баяндамасында, АКШ баштаган коалициянын Сириянын Ракка шаарына жасаган чабуулунда кеминде 1600 жай тургун каза тапканы айтылган. Ал эми Пентагон болсо 2017-жылдагы баяндамасында АКШнын аскердик операцияларында 500дөй эле жай тургун каза болгонун билдирген. АКШнын коргоо министрлиги өзүнүн жаңы баяндамасында 2017-жылдагы статистиканы кайра карап чыгып, бул өлкөнүн чабуулдарында каза болгон жай тургундардын расмий статистикасын 793кө көбөйткөн.

Жарыяланды 01

Комментарий жиберүү