Газада ондогон палестиналыктар жарадар болду

Жабырлануучулардын арасында аялдар жана өспүрүмдөр бар.

Сионисттик режимдин армиясы тарабынан Газа секторунун чыгыш чек арасындагы тынч акцияны таратуу учурунда 50 палестиналык жарадар болгондугун Палестинанын саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Бул тууралуу Anadolu агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, жабырлануучулардын арасында – 10 өспүрүм, үч медицина кызматкери (эки аялды кошкондо) жана бир журналист бар.

2018-жылдын 30-мартынан тартып палестиналыктар Израиль менен Газа секторунун чек арасында “Жер күнүнүн” 42 жылдыгына карата “Улуу кайтаруу маршы” деген жалпы аталыш менен  тынч акцияларды өткөрүп келишет. Палестиналыктардын акциясын таратуу учурунда израилдик аскерлер жабарлантуучу окторду колдонушууда.

Бүгүнкү күнгө чейин акциянын жүрүшүндө 200дөн ашык палестиналыктар каза болушту. Израиль 1976-жылы 30-мартта миңдеген акр палестиналыктардын жерлерин басып алган. Ошондон тартып жыл сайын бул күнү палестиналыктар дүйнөлүк коомчулукка баш ийбөө акциясын өткөрүү менен өздөрүнүн биримдиги менен тилектештигин көрсөтүп келишет.

Жарыяланды 02

Комментарий жиберүү