Дарыгер: Орозодо муздак суудан абайлаңыз

Дарыгер: Орозодо муздак суудан абайлаңыз

Орозодо көпкө ачка жүрөм деп өтө тоюп алган учурлар жок эмес. Ошондой эле чаңкап, же болбосо организм кыйналбашы үчүн эмнелерге көңүл буруу керек? Орозонун денеге кандай пайдасы бар? Бул тууралуу туура тамактануу боюнча адис, дарыгер Икарбек Айтиев айтып берди. Орозодо организм жеңилдейт — Биз тамак жегенде бизге кереги жок азыктарды да жешибиз мүмкүн. Муну медицинада шлак деп коёт. Орозо учурунда адам 16-17 саат ачка болгондо организм ошол шлактарды кайра иштетип, андан кубат алат. Ошентип, биз ашыкча заттардан…

Прочитайте больше

Ооганстанда Талибан менен кагылышуу

Ооганстанда Талибан менен кагылышуу

Талибандын мүчөлөрүнүн полициялык пунктка кол салуусунан 8 коопсуздук кызматкери каза тапты. Ооганстандын түндүк-чыгыш жагында террордук уюм Талибандын мүчөлөрүнүн полициялык пунктка кол салуусунан 8 коопсуздук кызматкери каза тапты. Тахар губернаторлугунун басма сөз катчысы Мухаммед Жевад Хижри, террористтердин Чарсиха аймагынын Хожа Бахаддин районундагы полициялык пунктка кол салуусунан кийин кагылышуу башталганын айтты. Кагылышууда 8 полиция каза тапканын айткан Хижри, кошумча бөлүктөрдүн аймакка келиши менен террористтердин мизи майтарылганын маалымдады.

Прочитайте больше

Катардан Палестина калкына 480 миллион доллар жардам

Катардан Палестина калкына 480 миллион доллар жардам

Катардын эмири Шейх Темим бин Хамед Ал Сани Батыш Шериа менен блокада астындагы Газада жашаган Палестина калкына жардам берүү үчүн 480 миллион доллар бөлүү жолдомосун берди. Катардын эмири Шейх Темим бин Хамед Ал Сани басып алынган Батыш Шериа менен блокада астындагы Газада жашаган Палестина калкына жардам берүү үчүн 480 миллион доллар бөлүү жолдомосун берди. Катардын тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта колдоонун Палестина жана Катар элдеринин ортосундагы бир туугандык, араб жана диний байланыштарынан улам…

Прочитайте больше

Шри-Ланкада террорчулардын машыгуучу базасы табылды

Шри-Ланкада террорчулардын машыгуучу базасы табылды

Шри-Ланканын полициясы өлкөнүн борбордук бөлүгүндө террорчулардын машыгуучу базасы табылганын кабарлады. Бул тууралуу Mehr агенттиги Sputnik агенттигине шилтеме берип жазды. Полиция террорчулар машыккан база “Жамаат ат-Таухид аль-Ватания” тобуна таандык экенин билдирди. Маалыматка караганда, табылган база эки кабаттуу жана Нувара-Элия шаарында жайгашкан. Ал базадан азыркы учурга чейин 38 киши, анын ичинде Коломбодогу акыркы жардырууларды уюштургандар машыгуудан өткөн. Шри-Ланканын полиция күчтөрү бул имараттын ээсин камакка алды. Шри-Ланканын президентинин билдирүүсү боюнча,  “Жамаат ат-Таухид аль-Ватания” жана “Жамияте-Меллате Ибрахим” топторуна өлкөдөгү акыркы террордук…

Прочитайте больше

Мадуро Орусияга барат

Мадуро Орусияга барат

Венесуэланын президенти келээрки айда Орусияга сапар тартаары белгилүү болду. Бул тууралуу Mehr агенттиги ТАССка шилтеме берип маалымдады. Венесуэланын президенти Николас Мадуро келээрки айда Орусияда өтө турган бир экономикалык отурумга катышуу максатында бул өлкөгө сапар тартмакчы. Белгилей кетсек, Венесуэланын ТИМ жетекчиси учурда Орусияда иш сапары менен жүрүүдө. Американын Мадуро өкмөтүн кулатууга жасаган бардык аракеттерине каршы Орусия Венесуэланын мыйзамдуу өкмөтүн колдогон маанилүү өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Ушуга байланыштуу Американын ТИМ жетекчиси Майк Помпео ABC телеканалына берген маегинде мындай деген:…

Прочитайте больше