Дарыгер: Орозодо муздак суудан абайлаңыз

Орозодо көпкө ачка жүрөм деп өтө тоюп алган учурлар жок эмес. Ошондой эле чаңкап, же болбосо организм кыйналбашы үчүн эмнелерге көңүл буруу керек? Орозонун денеге кандай пайдасы бар? Бул тууралуу туура тамактануу боюнча адис, дарыгер Икарбек Айтиев айтып берди.

Орозодо организм жеңилдейт

— Биз тамак жегенде бизге кереги жок азыктарды да жешибиз мүмкүн. Муну медицинада шлак деп коёт. Орозо учурунда адам 16-17 саат ачка болгондо организм ошол шлактарды кайра иштетип, андан кубат алат. Ошентип, биз ашыкча заттардан арылабыз. Башкача айтканда, шлактар денебизден чыгып кетет. Бул Кудайдын бизге берген мүмкүнчүлүгү. Адамдын денеси кан тамырлардан турат. Ал каналдарга шлак, холестерин жыйылып калат. Ошонун баары ачка жүргөндө денеден чыгат. Бул адамдын кан айлануусун жеңилдетип, жүрөк, кан тамыр оорулары жоголот. Биз тамак жей бергенибиз менен анын баары эле денеден чыгып кетпейт. Айлап-жылдап организмде жүргөнү бар. Орозодо ошонун баары тазаланат.

Эртең менен туура тамактаныңыз

Ооз бекитүү учурунда суудан баштоо керек. Эттүү тамактарды жебей эле койгон туура. Бир кесим эт жесеңиз, ал адам денесинен 40 суткада чыгат. Мындан улам, эртең менен суюк тамак ичкен туура. Адамдын денеси бир калыпка түшүш үчүн 72 саатты талап кылат. Орозонун баштапкы 3 күнүндө бир аз кыйналган соң, бир калыпка түшүп каласыз.

Бизде салт болуп калгандай эле, конокко барсак же чакырган болсок, сөзсүз түрдө камырдан жасалган азыктар, күрүч, картошка кошулган тамактар коюлат. Медицинада углевод деп эсептелген бул азыктар сууну көп талап кылат. Бирок биз тамакты ченеминен көп жеп алганыбыз үчүн суунун ордун толтура албай калабыз. Тамак ичеги-карынга баргандан кийин суу жетпей калат. Маселен, күрүч сууну аябай көп талап кылат. Сууда өсөт, казанга салынганга чейин да сууда чыланып турат. Мындан улам, ичке барганда ал жактагы суунун запасын тартып алат. Бышканда да сууда бышканы үчүн аны сиңирүүдө да суу көп керектелет. Ошол үчүн орозо учурунда күрүч, камыр тамактардан оолак болуу керек.

Оор тамак жегенден 1-2 сааттан кийин организм суюктукту — суу же чайды талап кылат. Оозубуз бек болгону үчүн аны ичпей, ашказанды кыйнап коёбуз. Ошондуктан, эртең менен жеңил тамактанганыңыз туура.

Чаңкабайын десеңиз…

Орозодогу негизги көйгөй – суусоо. Адам мындай көйгөйгө кабылбоосу үчүн денеде суунун өлчөмү көп болуп, ченем сакталышы керек. Ошон үчүн Орозо учурунда суюк тамактарга, жашылча-жемиштерге көбүрөөк басым жасашыбыз керек. Себеби, бул азыктардын курамында суу көп болот.

Ооз ачканда…

Оозду суу жана салаттар менен ачкан жакшыраак. Жер-жемиш азыктарынын баары эле суудан турат. Орозо учурунда да сууга болгон талапты камсыздашыбыз керек.

Ашказаныбыз негизи 3 литр эле болот, тагыраагы, ошончо тамак батат. А биз ал көлөмдүн 3/1ине эле тамак киргизишибиз керек. Аз-аздан жегенге көнгөн туура. Эгер 1 литрдик тамак жесек, ал 2 саатта аш болот. Ошол үчүн ооз ачкан учурда да аябай тоюп жеп албашыбыз керек. Ашказанды көпчүлүгүбүз аш кылат деп ойлойбуз. Бирок ал — тегирмен тамакты майдалап эле берет. А ал ичегиге барып сиңет.

Ал эми ооз ачкан маалда да бул эреже сакталганы оң. Азан айтылары менен эле дароо тоюп жеп алуу — туура эмес. Бир литрдик тамак жеп, таравих намазына барып келген соң, же 2 сааттан кийин дагы кошумча жеп койсо болот.

Муздак суу ичпеңиз!

Чоң адамдар күнүнө 3 литрден кем эмес суу ичүүсү керек. Чайды суу катары санаган туура эмес. Анткени, ал 100 градуста кайнап, түзүмүн өзгөртөт. Сууда да өзүнүн минералдары болот. Алары жок болгондон кийин пайдасынан зыяны көбүрөөк болот. Бат сиңип, табарсыкка күч келтирет. Ошого сууну 60-70 градус жылуу кылып ичүү керек. Суу көп кайнаган идиште ак калдыктар пайда болот. Эгерде кайнаган сууну көп ичкенде боордо таштар пайда болот. 1 килограмм салмакка 30 грамм суу берүү керек. Буга шербет, газдалган, кайра иштетилген суусундуктар кирбейт.

Орозо учурунда көпчүлүгү сууларды атайын муздатып, ооз ачар учурунда ичет. Биздин организмибиз 36 градус жылуу болсо, ал суунун жылуулугу 2-3 градуста болот. Ал биздин денебизди муздатып, зыян берет. Ооз ачканда 50-70 градустагы сууну ичкенибиз жакшыраак. Адам кечке ачка жүргөндө кан тамырлар ичкерип, кан суюлуп калган болот. Ысык суу барганда кан суюлуп, жүгүртүүсү тездеп калат.

Эгер муздак суу ичкен учурда ашказан да муздап, анын таасири жакын жайгашкан башка органдарга да тиет. Ошол учурда биздин кан тамырларыбыз ичкерет. Кыргыздын «суук өтүптүр» деген оорусу ушундан чыгат. Кан тамыр ичкерип кетсе, кан айлануу начарлайт.

Адамдын денесинде 50-60 пайыз суу болушу керек. Мектепте окуткандай эле, бардык катуу заттар сууда гана реакцияга кирет. Ошондой эле биздин жеген тамактарыбыздын баары суу менен аш болот. Ошол үчүн денедеги суунун өлчөмү бирдей ченемде болушу керек. Жадагалса, 8 саат уктаган адам денедеги 1-2 литр сууну коротот.

Кечинде ашказан да эс алсын

Кечинде өзүбүз эс алгандай эле, биздин ашказан да эс алышы керек. Бирок биз тескерисинче кечки 10до сый тамакты жеп, 11де жатып алабыз. Негизи ушул тамактарды күндүзгү убакытка бөлүү керек. Эрте менен ооз бекитүүдө да жеңил тамак жегенди сунуштайм. Анткени, бул убакытта 16-17 саат орозо кармайм, жакшылап тоюп алышым керек деп ойлойбуз. Тескерисинче, орозо маалында биз ашказаныбызды оор тамактардан эс алдыралы. Жеңил тамакка өтөлү.

Комментарий жиберүү