Катардан Палестина калкына 480 миллион доллар жардам

Катардын эмири Шейх Темим бин Хамед Ал Сани Батыш Шериа менен блокада астындагы Газада жашаган Палестина калкына жардам берүү үчүн 480 миллион доллар бөлүү жолдомосун берди.

Катардын эмири Шейх Темим бин Хамед Ал Сани басып алынган Батыш Шериа менен блокада астындагы Газада жашаган Палестина калкына жардам берүү үчүн 480 миллион доллар бөлүү жолдомосун берди.

Катардын тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта колдоонун Палестина жана Катар элдеринин ортосундагы бир туугандык, араб жана диний байланыштарынан улам келгендиги билдирилди.

Маалыматта жардамдардын өзгөчө Израиль баскынчы күчтөрү ортого салган кыйын шарттардын астында маанилүү муктаждыктарын камсыз кылууга жардам берүүнүн негизинде берилгендиги маалымдалды.

Жардамдардын 300 миллион долларлык бөлүгүнүн Палестина башкаруусунун билим берүү жана саламаттык сактоо секторунун бюджетине колдоо берүү үчүн багыш жана кердит катары каралары белгиленген маалыматта бир бөлүгүнүн да чукул гуманитардык жардамга бөлүнөрү билдирилди.

Жардамдар менен өзгөчө БУУнун Палестинадагы программаларына жана элге электр жеткирүүдө жардам берилери билдирилди.

Маалыматта эл аралык коомго адамзаттык жана ахлактык жоопкерчилигин моюнга алуу менен кризистен ашуу үчүн Палестина калкына колдоо берүүгө чакыруу салынды.

Бир тараптан Хамас саясий бюросунун төрагасы Исмаил Хениййе берген жазуу түрүндөгү маалыматта берген колдоосунан улам Катарга ыракмат айтты.

Жарыяланды 02

Комментарий жиберүү