Мадуро Орусияга барат

Венесуэланын президенти келээрки айда Орусияга сапар тартаары белгилүү болду.

Бул тууралуу Mehr агенттиги ТАССка шилтеме берип маалымдады.
Венесуэланын президенти Николас Мадуро келээрки айда Орусияда өтө турган бир экономикалык отурумга катышуу максатында бул өлкөгө сапар тартмакчы.
Белгилей кетсек, Венесуэланын ТИМ жетекчиси учурда Орусияда иш сапары менен жүрүүдө.
Американын Мадуро өкмөтүн кулатууга жасаган бардык аракеттерине каршы Орусия Венесуэланын мыйзамдуу өкмөтүн колдогон маанилүү өлкөлөрдүн бири болуп саналат.
Ушуга байланыштуу Американын ТИМ жетекчиси Майк Помпео ABC телеканалына берген маегинде мындай деген: Американын президенти Трамп 2- беренеге ылайык, Венесуэлага аскердик кийлигишүү жасаганга толук укуктуу. Албетте, Американын тандай турган бир канча жолдору бар, бирок эгерде шарт ошону талап кылса, аскердик кийлигишүүгө барабыз.

Жарыяланды 02

Комментарий жиберүү