Шри-Ланкада террорчулардын машыгуучу базасы табылды

Шри-Ланканын полициясы өлкөнүн борбордук бөлүгүндө террорчулардын машыгуучу базасы табылганын кабарлады.

Бул тууралуу Mehr агенттиги Sputnik агенттигине шилтеме берип жазды. Полиция террорчулар машыккан база “Жамаат ат-Таухид аль-Ватания” тобуна таандык экенин билдирди. Маалыматка караганда, табылган база эки кабаттуу жана Нувара-Элия шаарында жайгашкан. Ал базадан азыркы учурга чейин 38 киши, анын ичинде Коломбодогу акыркы жардырууларды уюштургандар машыгуудан өткөн. Шри-Ланканын полиция күчтөрү бул имараттын ээсин камакка алды. Шри-Ланканын президентинин билдирүүсү боюнча,  “Жамаат ат-Таухид аль-Ватания” жана “Жамияте-Меллате Ибрахим” топторуна өлкөдөгү акыркы террордук чабуулдарга катыштыгы бар деген шек менен тыюу салынып, бул топтордун бардык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү камакка алынган.

Эске салсак, 21-апрелде Шри-Ланкада чиркөөлөр менен мейманканаларда биринин артынан бири жардыруулар болуп, кеминде жүздөй адам каза таап, 500дөй киши жаракат алган.

Жарыяланды 02

Комментарий жиберүү