Кыргызстан мусулман саякатчыларын өзүнө тарткан 30 мамлекеттин катарына кирди

Кыргызстан мусулман саякатчыларын өзүнө тарткан 30 мамлекеттин катарына кирди

Борбор Азия өлкөлөр арасында Өзбекстан Казакстанды артта калтырып, лидер болду. ыргызстан мусулман саякатчыларын өзүнө тарткан алдыңкы 30 мамлекеттин катарына кирди. Изилдөөнүн жыйынтыгы CrescentRating компаниясынын Global Muslim Travel Index аттуу сайтына жарыяланды. Быйыл Ислам кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ичинен тарыхта биринчи жолу Индонезия рейтингдин лидери болду. Ал эми алдыңкы ондукка Түркия, Сауд Аравия, БАЭ, Катар, Марокко, Бахрейн, Оман жана Бруней кирди. Борбор Азия өлкөлөр арасында быйыл өзгөрүү болду — Өзбекстан Казакстанды артта калтырып, лидер болду. Тагыраагы, коңшу өлкө…

Прочитайте больше

Кытай: АКШ менен «соода согушун» жеңгенге чейин тирешебиз

Кытай: АКШ менен «соода согушун» жеңгенге чейин тирешебиз

Эгерде АКШ «соода согушун» улантууну кааласа, анда Кытай жеңиш менен аяктаганга чейин күрөшөт. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министри Гэн Шуан билдиргенин РИА новости маалымат булагы жазып чыкты. «Буга чейинки тажрыйба Кытайдын «соода согушун» каалабаганына күбө, бирок андан коркпойт дагы. Эгерде кимдир-бирөө босогобузда согуш баштаса, биз утканга чейин тирешебиз», — деди Гэн Шуан. Андан сырткары, АКШ президенти Дональд Трампка кытай товарларына болгон кошумча импорттук салыктарды киргизүүсү боюнча коркутуучу пикирин билдирип өттү. Кытай өкүлү…

Прочитайте больше

Орозодон организм эс алат, тазаланат

Орозодон организм эс алат, тазаланат

Орозо ден-соолукка пайдалуубу? 30 күн орозо кармаганда сиздин денеңиз эмне болот? Жыл сайын миллиондогон мусулмандар орозо кармап, күн чыккандан күн батканга чейин наар алышпайт. Орозо акыркы жылдары күн узарган, ысык аптаптуу айларга туш келди. Быйыл болсо 6-майда башталды. Кыргызстанда орозо кармагандар 17 сааттан ашуун ачка болушат. Айрым өлкөлөрдө орозо кармоо убактысы күнүгө мындан дагы көпкө созулат. Мынчалык катаң ачкалык кармоо сиздин ден-соолукка канчалык пайдаберет? Сиз 30 күн орозо кармаганда сиздин денеңизде боло турган өзгөрүүлөр жөнүндө айтып берели. Орозонун…

Прочитайте больше

Европалыктар да Американы”ишеничтүү өнөктөш”деп эсептебейт

Европалыктар да Американы”ишеничтүү өнөктөш”деп эсептебейт

Европалыктардын жарымына жакыны Американы коопсуздук жаатында “ишеничтүү өнөктөш” деп эсептебей тургандыгын “Market YouGov”  изилдөө компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоо көрсөттү. Бул тууралуу Fars агенттиги Sputnik агенттигине шилтеме берип жазды. Маалыматка караганда, “Market YouGov”  изилдөө компаниясы жүргүзгөн сурамжылоонун натыйжасы кечээ, 13-майда Испаниянын El País гезитине жарыяланды. Сурамжылоо европалыктардын 45%ы Американы коопсуздук жаатында “ишеничтүү өнөктөш” катары кабыл албай тургандыгын көрсөттү. Сурамжылоонун натыйжасы көрсөткөндөй, германиялыктардын 68%ы Европа Америкагы ишенбеши керек деп эсептейт. Сурамжылоого катышкандардын 17%ы гана Вашингтон Европа үчүн ишеничтүү өнөктөш…

Прочитайте больше

Кытай менен АКШнын тирешүүсү

Кытай менен АКШнын тирешүүсү

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Гынг Шуанг, борбор шаар Пекинде уюштурган кезектеги маалымат жыйынында Кытай тышкы кысымдарга эч качан баш ийбей турганын билдирди. Кытай, АКШнын 200 миллиард доллардык Кытай товарларына койгон бажы тарифин 25 пайызга чыгаруусуна карай чечимине байланыштуу эч качан тышкы кысымга баш ийбей тургандарын жарыялады. Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Гынг Шуанг, борбор шаар Пекинде уюштурган кезектеги маалымат жыйынында аты аталган тарифтер тууралуу, «Бир нече ирет бажы тарифтерин арттыруунун…

Прочитайте больше

Орусия, Кытай жана АКШ жакын диалог курса Корея жарым аралындагы маселе чечилет

Орусия, Кытай жана АКШ жакын диалог курса Корея жарым аралындагы маселе чечилет

Лавров, кытайлык кесиптеши Ван Йи менен Сочиде өткөргөн жолугушуудан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрдү. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, өлкөсү менен Кытай жана АКШнын жакын диалог курган учурунда Корея жарым аралындагы маселелердин чечиле ала турганын айтты. Лавров, кытайлык кесиптеши Ван Йи менен Сочиде өткөргөн жолугушуудан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрдү. Москва жана Пекиндин эл аралык коопсуздук жана ырааттуулукту күчтөндүрүш үчүн кызматташтык кылгандарын белгилеген Лавров, эки өлкөнүн ортосунда өнүккөн соода карым-катнаштары менен катар аскердик техникалык…

Прочитайте больше

Шри Ланкада исламга каршы кол салууларда бир киши каза болду

Шри Ланкада исламга каршы кол салууларда бир киши каза болду

Бул кол салуулардан кийин борбор шаар Коломбонун четиндеги Дехиваледеги конок үйүнүн жакынында жарылуулар болгон. Шри Ланкада мусулман бир жаран исламга каршы козголоңчу тарабынан учуруган кол салууда каза тапты. Басма сөзгө маалымат берген полиция жетекчилери Путталам аймагында исламга каршы бир группанын кечээ жалпы өлкөдө жарыяланган көчөгө чыгууга тыюу салууга баш ийбестен 45 жаштагы бир мусулманга бычак жана курч куралдар менен кол салгандыгын белгиледи. Ооруканага жаткырылган кишинин кыска убакыттан кийин каза болгондугу билдирилди. Өкмөт 21 –  апрелде…

Прочитайте больше

Афганстанда кол салуу жасалды

Афганстанда кол салуу жасалды

Кол салууда 4 киши каза болуп, 20 киши жараланды. Афганстанда кечээ ооз ачар убагында бири биринин артынан жасалган 4 бомбалуу кол салууда алгачкы белгилөөлөргө караганда 4 киши каза болуп, 20 киши жараланды. Нангархар губернаторунун катчысы Атауллах Хогяни Жалалаббадын эли эң көп жерлеринен Талаши аймагында ооз ачуу убагында бири биринин артынан 4 бомбалуу кол салуунун жасалгандыгын айтты. Кол салууларда алгачкы белгилөөлөргө караганда 4 жарандын каза болгондугун, 20 кишинин жаралангандыгын белгилеген Хогяни жаралуулардан төртөөсүнүн абалынын оор экендигин…

Прочитайте больше

Нигерияда жардыруу болду

Нигерияда жардыруу болду

Нигериянын түндүк чыгышында кечээ террордук уюм Боко Харам жолго жайгаштырган минанын аскердик унаа өтүп бараткан учурда жардырылышы менен 5 аскер каза болду. Жергиликтүү басма сөздөгү кабарларга караганда уюмдун Борно аймагына караштуу Дамбоа шаарынын жакындарында жолго жайгаштырылган мина аскердик унаа өтүп бара жатканда жардырылды. Жарылууда 5 аскер каза болуп, көп сандаган аскер жараланды. Боко Харам террордук уюму акыркы учурларда аскерлерге карата көп сандаган кол салуу жасоодо. Өткөн жумада уюмдун Борно аймагына караштуу Магумери айылындагы аскердик текшерүү…

Прочитайте больше

Мурунку саламаттыкты сактоо министри камакка алынды

Мурунку саламаттыкты сактоо министри камакка алынды

Мурунку саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева камакка алынды. Ал кылмыш чөйрөсүндөгү “вор в законе” Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу кармалды. Кечээ, 14-майда Д.Сагинбаева аталган ишке байланыштуу суракка чакырылган болчу. Буга чейин аталган кылмыш иш боюнча 5 дарыгер кармалып, алардын үчөө СИЗО-1 мекемесине киргизилген. Башкы прокуратура тарабынан өз кезегинде Азиз Батукаевдин жаза мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна байланыштуу кылмыш ишин козгогон эле. Кылмыш иш Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине тергөөгө жөнөтүлгөн. Ага парламенттик комиссиянын корутундусунун негизинде, Кылмыш-жаза кодексинин (мурунку редакция)…

Прочитайте больше

Иран менен Америка сүйлөшүүлөргө барабы же согушабы?

Иран менен Америка сүйлөшүүлөргө барабы же согушабы?

Евразиялык изилдөө борборундагы (IRAS) Евразия иштери боюнча ирандык саясат таануучу, эксперт Шуайб Бахман АКШ менен Иран каршылашабы же сүйлөшүүлөргө барабы деген суроолорго өз пикирин билдирди. АКШнын Иранды сүйлөшүү үстөлүнө  чакыруу максатында  Ирандын өзөктүк программасы боюча келишимден чыгышы, Иранга каршы экономикалык сакцияларды киргизиши жана саясий кысым көрсөтүүсү айрым элиталардын жана коомдук пикирдин ойлорун Иран тезинен Трамптын өкмөтү менен олуттуу сүйлөшүүлөргө барышы керек жана дагы жаңы келишимге жетишиши керек деген нукка бурду. Бул айрым адамдардын пикири боюнча…

Прочитайте больше

Дүйшөмбүдө террорчулукка каршы эл аралык конференция өтөт

Дүйшөмбүдө террорчулукка каршы эл аралык конференция өтөт

Тажикстан 16-17-майда чет өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын катышуусунда Дүйшөмбү шаарында террорчулукка каршы эл аралык конференция өтөрүн билдирди. Бул тууралуу Fars агенттиги маалымдады. Аталган конференция Тажикстан өкмөтү менен БУУ, ЕБ, ЕККУ жана башка эл аралык уюмдар тарабынан уюштурулган. Конференцияга тышкы иштер министрлердин, коопсуздук коркунучтарына каршы күрөшүү үчүн жооптуу бөлүмдөрүнүн башчыларынын, жарандык коомдун, илимий изилдөө тармагындагы өкүлдөрдүн жана Тажикстандагы чет өлкөлүк дипломаттардын катышуусу күтүлөт. Жалпысынан жыйынга 50 өлкөнүн өкүлдөрү жана 27 эл аралык жана аймактык уюмдар катышат. Конференциянын…

Прочитайте больше