Афганстанда кол салуу жасалды

Кол салууда 4 киши каза болуп, 20 киши жараланды.

Афганстанда кечээ ооз ачар убагында бири биринин артынан жасалган 4 бомбалуу кол салууда алгачкы белгилөөлөргө караганда 4 киши каза болуп, 20 киши жараланды. Нангархар губернаторунун катчысы Атауллах Хогяни Жалалаббадын эли эң көп жерлеринен Талаши аймагында ооз ачуу убагында бири биринин артынан 4 бомбалуу кол салуунун жасалгандыгын айтты.

Кол салууларда алгачкы белгилөөлөргө караганда 4 жарандын каза болгондугун, 20 кишинин жаралангандыгын белгилеген Хогяни жаралуулардан төртөөсүнүн абалынын оор экендигин айтты. Кол салуулардын жоопкерчилигин азырынча эч ким моюнга ала элек.

 

Жарыяланды 02

Комментарий жиберүү