Дүйшөмбүдө террорчулукка каршы эл аралык конференция өтөт

Тажикстан 16-17-майда чет өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын катышуусунда Дүйшөмбү шаарында террорчулукка каршы эл аралык конференция өтөрүн билдирди.

Бул тууралуу Fars агенттиги маалымдады.
Аталган конференция Тажикстан өкмөтү менен БУУ, ЕБ, ЕККУ жана башка эл аралык уюмдар тарабынан уюштурулган.
Конференцияга тышкы иштер министрлердин, коопсуздук коркунучтарына каршы күрөшүү үчүн жооптуу бөлүмдөрүнүн башчыларынын, жарандык коомдун, илимий изилдөө тармагындагы өкүлдөрдүн жана Тажикстандагы чет өлкөлүк дипломаттардын катышуусу күтүлөт.
Жалпысынан жыйынга 50 өлкөнүн өкүлдөрү жана 27 эл аралык жана аймактык уюмдар катышат. Конференциянын максаты – терроризмди каржылоого каршы күрөшүү үчүн натыйжалуу ыкмаларды аныктоо жана тажрыйба алмашуу тармагында аймактык жана эл араык кызматташтыктарды бекемдөө болуп эсептелет.
Терроризмге каршы эл аралык конференцияны 200дөн ашуун чет өлкөлүк журналисттер чагылдырышат.

Жарыяланды 01

Комментарий жиберүү