Мурунку саламаттыкты сактоо министри камакка алынды

Мурунку саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева камакка алынды.

Ал кылмыш чөйрөсүндөгү “вор в законе” Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу кармалды.

Кечээ, 14-майда Д.Сагинбаева аталган ишке байланыштуу суракка чакырылган болчу.

Буга чейин аталган кылмыш иш боюнча 5 дарыгер кармалып, алардын үчөө СИЗО-1 мекемесине киргизилген.

Башкы прокуратура тарабынан өз кезегинде Азиз Батукаевдин жаза мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна байланыштуу кылмыш ишин козгогон эле.

Кылмыш иш Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине тергөөгө жөнөтүлгөн. Ага парламенттик комиссиянын корутундусунун негизинде, Кылмыш-жаза кодексинин (мурунку редакция) 304-беренеси боюнча (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) иш козголгон.

Жарыяланды 01

Комментарий жиберүү