Израиль Ливандын деңиз чек арасын бузду

Израилдин төрт аскердик кайыгы Ливандын аймактык суусуна кирип, бул өлкөнүн деңиз мейкиндигин бузду.

Бул тууралуу Ливандын армиясы маалымдаганын Fars агенттиги жазды. Ливан армиясынын командиринин айтымында, Израилдин төрт аскердик кайыгы кечээ, 15-майда Рас ан-Накура аймагындагы Ливандын аймактык суусуна кирип келген. Elnashra агенттиги маалымдагандай, Ливандын армиясы өлкөнүн деңиз мейкиндигинин сионисттик режими тарабынан бузулушу туурасындагы маселе Ливандагы БУУнун күчтөрү менен биргеликте учурда каралып жаткандыгын кабарлады.

Жарыяланды 02

Комментарий жиберүү