Ислам Ыңкылабынын Улуу лидери: Иран элинин акыркы тан доосу бул-туруштук берүүнү улантуу

Аятолла Хамени Америка менен согуш болбой турганын билдирди.

Fars агенттигинин маалыматына ылайык, ИИРдин Улуу Руханий жетекчиси саид Али Хаменеи өлкөнүн расмий жана аскердик кызматчылары менен болгон жолугушууда Иран элинин душманга карата кабыл алган акыркы чечими-бардык чөйрөдө туруштук берүү деп билдирди.
“Иран эли туруштук берүүсүн уланта берет, анткени сүйлөшүү жүргүзүү бул –уу, ал эми АКШнын учурдагы өкмөтү менен сүйлөшүү жүргүзүү эки эсе уулуу”,-деди Ислам Ыңкылабынын лидери.
Иран лидеринин маалымат сайтынын кеңсесинин билдирүүсү боюнча, аятолла Хаменеи мындай деп кошумчалалган: “Албетте, согуш болбойт, тескерисинче бул тирешүү- эрктердин тирешүүсү. Бул жаатта ирандыктардын жана ислам системасынын эрки душмандыкына караганда күчтүү. Жараткандын ырайымы менен биз бул ирет дагы жеңишке ээ болобуз.”
“АКШ жетектеген ИИРдин душмандары мурда болуп көрбөгөндөй санкцияларды киргизүү менен Иранды сындыра алабыз деп ойлошот, бирок Иран Ислам өлкөсү элинин жана өкмөттүн колдоосу менен ийилбестен тике турат”,-деп баса белгиледи Руханий лидер.
Аятолла Хаменеи АКШнын өкмөттүк органдарынын расмий түрдө жарыялаган көрсөткүчтөрүнө таянуу менен мындай деп билдирди: АКШны өлкөдөгү ачарчылыктан жана азык-түлүк кооптуулугунан жабыркаган 41 млн. америкалыктар, 40% никесиз төрөлгөн ымыркайлар, 2 200 000 камактагылар, баңги зат пайдалангандардын жогорку саны жана дүйнөдөгу массалык ок атуулардын 31%ын түзгөн акыйкат көрсөткүчтөр тынчсыздантсын.
“Айрымдар Американы анчалык кооптуу жана кудуреттүү өлкө катары санабайт, бирок каршылаштардын душмандыгын этибарга албай коюу туура эмес. Башкы маселе, Кошмо Штаттар өз кыйынчылыктарынан чыга албай жатышкандыгында камтылат”,- деди лидер.
Иран Ислам Ыңкылабынын Улуу лидери мындай деп кошумчалады: Чет өлкөлүктөрдөн жардам күтүп отура берүү өлкөгө сокку алып келет, мисалга биз европалыктардын Өзөктүк келишимге карата мамилесине күбө болдук. Албетте, биз европалыктар менен талаш-тартыш жараткан эмеспиз, бирок алар бизден талап кылуу менен “Өзөктүк келишим” боюнча өз милдеттеринин бирин дагы аткарышкан жок.”

Жарыяланды 01

Комментарий жиберүү