Путин: Ирандын өзөктүк программасы дүйнөдөгү эң ачык-айкын өзөктүк программа

Орусиянын президенти Ирандын өзөктүк программасын дүйнөдөгү эң ачык-айкын өзөктүк программа деп атады.

Fars агенттигинин маалыматына ылайык, шаршемби күнү Орусиянын президенти Владимир Путин Австриянын президенти Александр Ван дер Беллен менен биргелешкен басма сөз жыйынында “Ирандын өзөктүк программасы дүйнөдөгү эң ачык-айкын өзөктүк программа деп баса белгиледи.
Ошондой эле ал өзөктүк келишим кыйроо алдында турганын айтып, Иранды келишимден чыкпоого чакырып өттү.

Ал өз сөзүнүн бир бөлүгүндө Европа биримдиги келишимди сактап калуу үчүн эч нерсе кыла албай турганын билдирди.
В. Путин Ирандын өзөктүк келишимден чыгышы кабыл алынгыс  деп, “Мен ирандык кесиптештерим менен болгон маектерде бир нече жолу кандай натыйжа болбосун, ага карабасатан Иран келишимде каларына ишенеримди айткам. Анткени Иран Американын келишимден чыкканына жооп кайтарып, келишимден чыгарын жарыяласа, баардыгы АКШ келишимди бузуп баштаганын унутуп, баардык күнөөнү Ирандын мойнуна иле башташат”, – деди.

Буга чейин, Ирандын Улуттук коопсуздук кеңеши өзөктүк келишимдин башка тарапташтарына  ультиматум коюп, эгерде алдыдагы 60 күндүн ичинде европалыктар милдеттемелерин аткарбай турган болсо, Иран дагы милдеттенмелерин аткарууну токтоторун баса белгилеген эле.

Америка Иранга каршы дагы жаңы санкцияларды жарыялагандан кийин, Иран өзөктүк келишимден чыкпай турганын, бирок ыктыярдуулук менен аткарып келген айрым иш-аракеттерди мындан ары аткарбай турганын билдирди.

Жарыяланды 01

Комментарий жиберүү