Германия:Тегерандын Персия булуңуна кол салгандыгы туралуу эч кандай белгилер жок

Германия:Тегерандын Персия булуңуна кол салгандыгы  туралуу эч кандай белгилер жок

Германиянын Коргоо министрлиги:Тегерандын Перс булуңуна ,кол салгандыгы туралуу эч кандай белги жок экендигин деп билдирди . Bolton News тун маалыматына ылайык  ,Германиянын Коргоо министрлигинин айтымында Тегеран  Перс булуңуна кол салгандыгы туралуу эч кандай белги жок деп маалымдады .  

Прочитайте больше

Украина соту мурдагы президент Порошенкого иш козгоду

Украина соту мурдагы президент Порошенкого иш козгоду

Киев шаарынын административдик соту Украинанын мурдагы президенти Петр Порошенко, Жогорку Раданын спикери Андрей Парубия, премьер-министр Владимир Гройсмандын жана дагы 177 чиновниктин Украинанын аймагынан чыгуусуна тыюу салган иш козгоду. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы билдиргендигин ТАСС агенттиги жазды. Маалымат кызматы улуттук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бардык иш-чараларды өткөрүп жана жемкорлук боюнча мыйзамсыз аракеттерди жасашы мүмкүн болгон кызматкерге  иш козголгондугун кошумчалады.

Прочитайте больше

Газада“ Кайра кайтаруу маршы” акциясы башталгандан бери 305 палестиналык мерт болду

Газада“ Кайра кайтаруу маршы” акциясы башталгандан бери 305 палестиналык мерт болду

Газанын чыгыш чек арасындагы “Кайра кайтаруу маршы” акциясы башталгандан тартып азыркы учурга чейин 305 палестиналык каза таап, 17 миң 335 киши жаракат алганын Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Бул туурасында Fars агенттиги кабарлады. Министрликтин статистикасына караганда, каза болгондордун ичинде 59 бала, 10 аял жана бир  кары адам бар. Ошондой эле жаракат алгандардын арасында 3565 бала, 1163 аял жана 104 кары адам бар. Саламаттык сактоо министрлигинин баяндамасында израилдик күчтөрдүн колунан жаракат алгандардын 564нүн жарааты оор экени жана калгандары…

Прочитайте больше

Американын полициясы Венесуэланын элчилигине кол салды

Американын полициясы Венесуэланын элчилигине кол салды

Американын полициясы кечээ, 16-майда бир катар саясий активисттерди камакка алуу үчүн Венесуэланын Вашингтондогу элчилигине кирип барды. Бул тууралуу Fars агенттиги кабарлады. Маалымат булактары кабарлагандай, полиция Американын согушчан саясатына нааразычылык билдирген 4 активистти камакка алды. Согушка каршы активисттердин бири Медея Бенжамин нааразычылык билдиргендер элчиликтин имаратынан чыгып кеткендиги азырынча белгисиз деп The Associated Press агенттигине билдирди. Камакка алынган активисттер Венесуэланын президенти Николас Мадуронун мыйзамдуу өкмөтүнүн тарапташтары болот. АКШнын бийлиги мындан бир нече күн мурун Венесуэланын оппозициялык лидери Хуан Гуаидо…

Прочитайте больше

Индия Афганстанга 2 тик учар берди

Индия Афганстанга 2 тик учар берди

Эки MI-35 тик учар Кабул аэропортуна барганды. Индия Афганстан аба күчтөрүн колдоо максатында 2 даана “MI-35” тик учар берди. Афганстандын коргоо министри Асадуллах Халид борбор шаар Кабулда өткөргөн пресс – жыйында Индиянын афган аба күчтөрүн колдоо максатында берген 2 даана MI-35 тик учардын Кабул аэропортуна баргандыгын айтты. Бир тараптан Индиянын афган коопсуздук күчтөрүн машыктыргандыгын айткан Халид өзгөчө коопсуздук күчтөрүнүн камсыздалышына да колдоо бергендигин белгиледи. Индия 2015 –  жылы да Афганстанга 3  Mi-25 аскердик тик учар…

Прочитайте больше

Коалиция күчтөрү Йеменде жарандарды бутага алды

Коалиция күчтөрү Йеменде жарандарды бутага алды

Коалиция күчтөрү жасаган абадан кол салууда 8 жаран каза болду. Йемендин борбор шаары Санага Сауд Арабия жана Бириккен Араб Эмирлигинин жол башчылыгындагы коалиция күчтөрү жасаган абадан кол салууда 8 жаран каза болду. Йемен жергиликтүү булактарынан алынган маалыматка караганда хусилердин текшерүүсү астындагы Санада каза болгондордун алтоосу бир эле үй  – бүлөдөн. Жергиликтүү булактар коалициянын аскердик уччактары бутага алган Сананын Рабат мааласында болсо бир топ жарандын зыян тарткандыгын, көп сандаган үйдүн кулагандыгын билдиришти. Бир тараптан Сауд Арабия…

Прочитайте больше

Манбиждеги жарылуунун жоопкерчилигин ДЕАШ моюнга алды

Манбиждеги жарылуунун жоопкерчилигин ДЕАШ моюнга алды

Манбиж районун 2016 –  жылы август айынан бери ЙПГ/ПКК террордук уюму басып алган. Сириянын Манбиж районунда ЙПГ/ПКК террордук уюмунун аскердик парламентинин борборунда болгон жарылуунун жоопкерчилигин террордук уюм ДЕАШ моюнга алды. Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда өлкөнүн түндүгүндөгү Манбиж районунун борборунда уюмдун аскердик парламентинде болгон жарылууда араларында ЙПГ/ПККнын Манбиждеги жооптуусу террор корбашысы Робар Мүнбич жана көп сандаган ЙПГ/ПКК террористти өлдү. Жарылуудан кийин АКШнын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрүнө таандык тик учарлар аймакта учкан жок. Кол салуунун жоопкерчилигин…

Прочитайте больше

Роналдунун Палестинага Рамазан жардамы

Роналдунун Палестинага Рамазан жардамы

Роналду палестиналыктарга кайрымдуулук кылды. Италиядагы «Ювентус» клубунун формасын кийген португалиялык жылдыз Криштиану Роналду Палестинага Рамазан айынан улам бир жарым миллион доллар кайрым кылды. 2012-жыла да “Алтын бут кийим” сыйлыгынын аукциондо сатылышына уруксат берген Роналду, андан түшкөн 1.5 миллион евролук кирешенин палестиналык балдарга берилишин камсыздаган эле.

Прочитайте больше

АКШда мусулмандар менен мусулман эмес коомдор өрттөлгөн мечитке колдоо көрсөтүштү

АКШда мусулмандар менен мусулман эмес коомдор өрттөлгөн мечитке колдоо көрсөтүштү

Ким экендиги белгисиз киши же кишилер тарабынан өрттөлгөн Нью-Хейвен Диянет мечитинде жетекчилердин иш алып баруусу улантылып, мечиттин жамааты жана жергиликтүү эл тилектештик иш чарасын өткөрдү. АКШнын Коннектикут аймагындагы Диянет мечитинин базар күнү өрттөлүшүнөн кийин аймактагы мусулман жана мусулман эмес коомдор мечитке колдоо берүү үчүн биригишти. Ким экендиги белгисиз киши же кишилер тарабынан өрттөлгөн Нью-Хейвен Диянет мечитинде жетекчилердин иш алып баруусу улантылып, мечиттин жамааты жана жергиликтүү эл тилектештик иш чарасын өткөрдү. Мечитте өткөрүлгөн иш чарага мусулман…

Прочитайте больше

Ирактык дыйкандардын эгини өрттөнүп күл болду

Ирактык дыйкандардын эгини өрттөнүп күл болду

Дияладагы өрттүн эмне себептен чыккандыгы азырынча белгисиз болуп, аймактагы террордук уюм ДЕАШтан шектенүүлөр болуп жатат. Ирактын Мусул шаарынан кийин бул жолу Дияла аймагында дыйкандардын эгини өрттөнүп күл болду. Ирак медиасында орун алган кабарларга караганда Дияла аймагынын Ханекин районундагы буудай талааларында түнкү сааттарда себеби белгисиз  өрт чыкты. Кыска убакытта кенен аянтка жайылган өрттө жүздөгөн гектардык эгин аянты зыян тартты. Дияладагы өрттүн эмне себептен чыккандыгы азырынча белгисиз болуп, аймактагы террордук уюм ДЕАШтан шектенүүлөр болуп жатат. ДЕАШ шейшемби…

Прочитайте больше