Американын полициясы Венесуэланын элчилигине кол салды

Американын полициясы кечээ, 16-майда бир катар саясий активисттерди камакка алуу үчүн Венесуэланын Вашингтондогу элчилигине кирип барды.

Бул тууралуу Fars агенттиги кабарлады. Маалымат булактары кабарлагандай, полиция Американын согушчан саясатына нааразычылык билдирген 4 активистти камакка алды. Согушка каршы активисттердин бири Медея Бенжамин нааразычылык билдиргендер элчиликтин имаратынан чыгып кеткендиги азырынча белгисиз деп The Associated Press агенттигине билдирди.

Камакка алынган активисттер Венесуэланын президенти Николас Мадуронун мыйзамдуу өкмөтүнүн тарапташтары болот. АКШнын бийлиги мындан бир нече күн мурун Венесуэланын оппозициялык лидери Хуан Гуаидо менен бирге Венесуэлада төнкөрүш жасоого аракет кылган, бирок ал аракети ишке ашкан жок.

Жарыяланды 01

Комментарий жиберүү