Газада“ Кайра кайтаруу маршы” акциясы башталгандан бери 305 палестиналык мерт болду

Газанын чыгыш чек арасындагы “Кайра кайтаруу маршы” акциясы башталгандан тартып азыркы учурга чейин 305 палестиналык каза таап, 17 миң 335 киши жаракат алганын Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Бул туурасында Fars агенттиги кабарлады. Министрликтин статистикасына караганда, каза болгондордун ичинде 59 бала, 10 аял жана бир  кары адам бар. Ошондой эле жаракат алгандардын арасында 3565 бала, 1163 аял жана 104 кары адам бар. Саламаттык сактоо министрлигинин баяндамасында израилдик күчтөрдүн колунан жаракат алгандардын 564нүн жарааты оор экени жана калгандары ар кандай женил жаракаттарды алгандыгы айтылды.

Билдирүүгө караганда, 7069 киши аскердик ок, 942 киши резинка ок жеп жаракат алган, ал эми калган 1678и көздөн жаш агызуучу газдан деми кыстыккан. “Кайра кайтаруу маршы” акциясы башталгандан бери Газа секторунун түндүгүндө 3760 киши, Газа шаарында 5655 киши, Газанын борборунда 2722 киши, Хан-Юнис шаарында 3270 киши жана Рафах шаарында 1928 киши жаракат алган.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги ошондой эле сионисттик режимдин кол салуулары медициналык командаларга дагы багытталганын билдирип, анда үч куткаруучу каза таап, 680 куткаруучу жаракат алып, 118 тез жардам унаасы зыянга учураганын белгиледи. Мындан тышкары, эки журналист каза таап, 365 журналист жаракат алган. Газа секторундагы палестиналыктар 2018-жылдын 30-мартында жума күнү  “Кайра кайтаруу маршы“ акциясынын башташкан. Палестиналык демонстранттар акциянын башынан тартып тынч мүнөздөгү демонстрация экендигин белгилешсе дагы израилдик күчтөр демонстранттарды таркатуу үчүн аларга каршы ок атууда.

Жарыяланды 01

Комментарий жиберүү