Индия Афганстанга 2 тик учар берди

Эки MI-35 тик учар Кабул аэропортуна барганды.

Индия Афганстан аба күчтөрүн колдоо максатында 2 даана “MI-35” тик учар берди.

Афганстандын коргоо министри Асадуллах Халид борбор шаар Кабулда өткөргөн пресс – жыйында Индиянын афган аба күчтөрүн колдоо максатында берген 2 даана MI-35 тик учардын Кабул аэропортуна баргандыгын айтты.

Бир тараптан Индиянын афган коопсуздук күчтөрүн машыктыргандыгын айткан Халид өзгөчө коопсуздук күчтөрүнүн камсыздалышына да колдоо бергендигин белгиледи.

Индия 2015 –  жылы да Афганстанга 3  Mi-25 аскердик тик учар берген. Бир мезгил аймактын эң күчтүү аба күчтөрүнө ээ Афганстандын аскердик жана жүк ташуучу учактары, тик учарлар жана аба каражаттары жарандык согуш учурунда талкаланган.

Жарыяланды 02

Комментарий жиберүү