Коалиция күчтөрү Йеменде жарандарды бутага алды

Коалиция күчтөрү жасаган абадан кол салууда 8 жаран каза болду.

Йемендин борбор шаары Санага Сауд Арабия жана Бириккен Араб Эмирлигинин жол башчылыгындагы коалиция күчтөрү жасаган абадан кол салууда 8 жаран каза болду.

Йемен жергиликтүү булактарынан алынган маалыматка караганда хусилердин текшерүүсү астындагы Санада каза болгондордун алтоосу бир эле үй  – бүлөдөн.

Жергиликтүү булактар коалициянын аскердик уччактары бутага алган Сананын Рабат мааласында болсо бир топ жарандын зыян тарткандыгын, көп сандаган үйдүн кулагандыгын билдиришти.

Бир тараптан Сауд Арабия жана Бириккен Араб Эмирликтеринин жол башчылыгындагы коалиция хусилерге таандык аскердик буктурмаларга кол салгандыгы да билдирилди.

Жарыяланды 02

Комментарий жиберүү