Президент көп балалуу энелерге «Баатыр Эне» орденин тапшырды

Президент көп балалуу энелерге «Баатыр Эне» орденин тапшырды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-майда Энелер күнүнө карата өлкөнүн бардык аймактарынан келген көп балалуу энелерди «Баатыр Эне» ордени менен сыйлап, ар кандай тармакта ийгилик жараткан жаштардын апаларына Президенттин «Ыраазычылык катын» тапшырды. Жээнбеков Энелер күнү — ар бир адам үчүн эң кымбат жана ыйык майрам экенин белгиледи. Ал байыртадан ата-бабалар энелерди терең урматтап-сыйлаганын, аларды жаңы жашоонун башаты, үй коломтосунун куту деп бийик баалап келгенин белгиледи. «Эненин сүтүн актаган адам гана бейишке кирет. Биздин улуу жазуучубуз Чыңгыз…

Прочитайте больше

Япониялыктар саатына 400 чакырым жүрүүчү дүйнөдөгү эң ылдам поездди чыгарды

Япониялыктар саатына 400 чакырым жүрүүчү дүйнөдөгү эң ылдам поездди чыгарды

Япониялык JR East темир жол компаниясы Alfa-X үлгүсүндөгү жогорку ылдамдыкта жүрүүчү жаңы поездди чыгарды. Анын максималдуу ылдамыгы саатына 400 чакырым аралыкты басып өтөт. Бул тууралуу building-tech басылмасы жазып чыкты. «Бул дүйнө жүзүндө эң ылдам жүрүүчү коммерциялык поезддердин бири. Күнүмдүк жумушунда ал саатына 360 чакырым ылдамдык менен жүргүнчүлөрдү ташыйт», — деп айтылат маалыматта. 2019-жылдын июнь айында JR East аталган поездин темир жолдо жүргүнчүлөрсүз сынактан өткөрө баштайт. Бул он вагондуу ылдам-поезд ушул жылдын июнь айынан тарта үч…

Прочитайте больше

Эркектер жана аялдар инсультка кандай жолдор менен чалдыгары айтылды

Эркектер жана аялдар инсультка кандай жолдор менен чалдыгары айтылды

Россиядагы Мордовия улуттук университетинин окумуштуулары эркектер жана аялдар инсультка кандай жолдор менен кабыларын аныктаганын “Известия” жазды. Иликтөөгө ылайык, эркектерде инсульттун пайда болушуна артериянын өнөкөт оорусу, чылым, аракечтик, зат алмашуунун бузулушу жана аз кыймылдуулук таасир этет. Ал эми аялдарда инсульттун келип чыгышына кант диабети, ашыкча салмак, кандагы липиддердин көп болушу жана аритмия себеп экени айтылды. Ошондой эле кан басымдын жогору болушу аялга да, эркекке да бирдей таасир тийгизери белгиленди.

Прочитайте больше

19-майда көпчүлүк аймакта жаан жаайт

19-майда көпчүлүк аймакта жаан жаайт

19-майда өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан жаап күн күркүрөйт, тоолуу аймактарга кар түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25; Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24; Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +22…+27; Ысык-Көлдө түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25; Нарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +19…+24; Бишкекте 19-майда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +22…+24.

Прочитайте больше

Кыргызстан менен Палестинанын футболчулары жолдоштук беттеш өткөрөт

Кыргызстан менен Палестинанын футболчулары жолдоштук беттеш өткөрөт

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Палестинанын футболчулары менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул туурасында Футбол федерациясынан кабарлашты. Оюн 11-июнда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 20.00дө башталат. Билеттерди 1-июндан тарта кассадан жана сатуучулардан алууга боло

Прочитайте больше

Зеленский: Украина Крымды баскынчылардан куткарат

Зеленский: Украина Крымды баскынчылардан куткарат

Украинанын жаңы шайланган президенти Владимир Зеленский Крым Украинага өтөрүнө ишенет. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды. «Бүгүн Крым татарларын депортациялоо башталганына 75 жыл болду. Мен Крым татарларынын өлкөсүн баскынчылардан куткара турганбызга ишенем. Жол канчалык узак болбосун, биз аны чогуу басып өтөбүз», — деп жазат Зеленский. Зеленскийдин айтымында, Крым татарлары дагы бир жолу репрессиянын курмандыктары болуп калышты. Эске салсак, Крым менен Севастополь бийлиги 2014-жылдын 16-мартында Россия менен биригүү боюнча референдум өткөрүшкөн. Анда добуш берүүгө укуктуулардын 80…

Прочитайте больше

Жаңы сионисттик шпионаж ыкмасы жана Сирия ,Ливан бийлиги

Жаңы  сионисттик  шпионаж ыкмасы жана Сирия ,Ливан бийлиги

Чалгын кызматында жана сионистердин аскердик  министрлигине  иштеген  Израилдик компания  сириянын  жана  ливандын бийлигин  көзөмөлдөөчу  программа иштеп чыгышкан .Сириянын  мурдагы байланыш министри  Амро Салем  бийликке Wattsap программасын колдонбогоо  чакырды,бул туралуу  Fars News Agency маалымат агенствасы билдирди . Сириянын  мурдагы байланыш министри ,бул  шпиондук программа Wattsap тын Үн чакыруу  аркылуу өткөрүлүп турат деп баса белгилей кетти . Бул “Программалык камсыздоо Wattsap аркылуу телефонго өткөрүлүп  бүт маалымат жана сүйлөшүүлөр телефон аркылуу компаниянын аппаратына  өткөрүлүп  турат  “-деп программа кантип иштей тургандыгын   түшүндүрүп берди . Ливан менен Сирия шпиондук  компаниянын максаттуу  өлкөлөрдун бири…

Прочитайте больше