Индияда шайлоонун алгачкы жыйынтыктары :Нарендра Моди кызматында калышы мүмкүн

Индияда парламенттик шайлоонун акыркы күнү кечиндеги сурамжылоолордун натыйжасы өлкөдө дагы бир жолу Нарендра Моди жетектеген өкмөттүн түзүлүшү мүмкүн экенин көрсөттү.

Бул тууралуу Fars агенттиги кабарлады.
Indian Express агенттигинин берген маалыматына караганда, парламенттик шайлоонун акыркы күнү кечинде ар кандай төрт сурамжылоолор жүргүзүлгөн. Алардын жыйынтыгына ылайык, Нарендра Моди жетектеген “Улуттук демократиялык коалициясы” үчүн 280ден 315ге чейин депутаттык мандат берилиши мүмкүн. Негизи Индиянын парламенти 500 орундан турат жана анын көпчүлүк бөлүгүн алган партия же коалиция өлкөнүн өкмөтүн түзөт.
Индияда дүйнөдөгү эң ири шайлоо мындан 40 күн мурун башталган жана жети этапта өтүп, кечээ, 19-майда аяктады. Шайлоонун расмий жыйынтыктары 2-июнда жарыяланат.
Индия дүйнөдө ири демократиялык өлкө катары таанылат жана быйылкы шайлоодо 900 млн. жаран добуш берүүгө укуктуу болушкан.
Азырынча Нарендра Модинин партиясы шайлоодо көп добуш алганы айтылууда.

Жарыяланды 01

Комментарий жиберүү