Путин менен Макрон өзөктүк келишимди сактоого жасалган аракеттерди күчөтүүнү баса белгилешти

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Франциянын президенти Эммануэль Макрон кечээ, 18-июлда телефон аркылуу сүйлөшүп, Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимди сактоого жасалган аракеттерди күчөтүү зарылчылыгын баса белгилешти.

Бул тууралуу «Fars News» агенттиги кабарлады. Кремлден маалымдашкандай, Путин менен Макрон өзөктүк келишим Жакынкы Чыгышта коопсуздукту камсыз кылуучу жана өзөктүк куралды жайылтпоо режимин сактоочу маанилүү фактор экендигин баса белгилешти. Ошондой эле тараптар өзөктүк келишимдин сакталышы зор мааниге ээ экендигин белгилешип, аны сактап калуу үчүн өздөрүнүн күч-аракеттерин күчөтүүнү убадалашты.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн президенттери АКШнын өзөктүк келишимден чыгуусунун кесепеттерин дагы талкуулашты.

Белгилей кетсек, кечээ, 18-июлда  Германияга визити менен барган Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров немис кесиптеши Хайко Маас менен жолугушуп, өзөктүк келишим туурасында сүйлөшүшкөн. Анда Лавров өзөктүк келишимди сактоо жоопкерчилигин бир гана Иранга жүктөбөш керек экендигин баса белгилеген.

Жарыяланды 01

Комментарий жиберүү