Трамп:Мен Иран менен согушка бара тургандардан эмесмин

Бүгүн эртең менен Американын президенти Fox News агенттиги менен болгон маегинде Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга токтолуп, “Мен согушка бара тургандардан эмесмин”, – деп баса белгиледи.Американын президенти Дональд Трамп  бул маегинде дагы өзөктүк келишим боюнча буга чейинки билдирүүлөрүн кайталап, “Барак Обаманын Иран менен түзгөн келишимдери коркунучтуу болчу. Бул келишим Иранга миллиарддаган накталай акчаларды алып келди”, – деди.
Ошондой эле ал Жакынкы Чыгыштагы акыркы кырдаалга токтолуп, “Мен Иран менен согуушуну каалабайм. Бирок, биз Иран өзөктүк куралга ээ болушун каалабайбыз жана аларга өзөктүк куралга ээ болуусуна уруксат бербейбиз. Эгер мен Иран менен согушууну кааласам, ал экономикалык согуш болот”, – деп баса белгиледи.

Жарыяланды 02

Комментарий жиберүү