Битир-садаганы терминал, мобилдик банкинг аркылуу берсе да болот

Битир-садаганы терминал, мобилдик банкинг аркылуу берсе да болот

Эми жарандар битир-садаганы терминал жана мобилдик банкинг аркылуу да бере алышат. Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгы жарандарыбыз үчүн 2019-жылдагы битир-садага берүүнүн электрондук системасын РСК банкы менен биргеликте иштеп чыкты. Бул тууралуу муфтияттын расмий сайтына жарыяланды. Маалыматка ылайык, эми жарандарыбыз битир-садаганы, зекетти РСК банктын банкоматтары, терминалдары жана RSK24 мобилдик банкинги аркылуу муфтияттык эсептик төлөмүнө которушса болот. Эске салсак, битир-садага жан башына 1кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) же анын акчалай…

Прочитайте больше

Эрдоган шайлоочуларга нааразы

Эрдоган шайлоочуларга нааразы

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган шайлоочуларга нааразылыгын билдирип: «Курсагын тойгузуп жатсак да, бизге добуш беришпейт», — деди. Бул тууралуу ал өзү жетектеген «Адилеттүүлүк жана өнүгүү» (АК Партия) партиясынын чогулушунда айтты. Мындай билдирүү түрк шайлоочуларынын катуу сынына кабылып, ким-кимди багып жатканын эскерткен билдирүүлөр социалдык түйүндөрдө байма-бай жазылууда. Ошондой эле, ал өзүнүн акыркы кадамдарына каршылык билдирген мурунку президент, партиялашы Абдулла Гүл жана мурунку Тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу тууралуу: «Алар мага ичи тардык кылууда. Абдулла Гүл эч…

Прочитайте больше

Кытайда унаа башкарган аял 13 кишини тепсетип кетти

Кытайда унаа башкарган аял 13 кишини тепсетип кетти

Кытайда жогорку ылдамдыкта келген унаа бир канча кишини сүзүп, 13 адамды тепсетип кеткен. Бул тууралуу жергиликтүү полициянын билдирүүсүндө айтылганын ТАСС маалымат булагы жазып чыкты. Маалыматка ылайык, окуя бүгүн Кытайдын Гуандун провинциясынын Тяньхэ районунун Гуанчжоу шаарында болгон. Жол чырактын кызылы жанып турганына карабай, жогорку  ылдамдыкта келаткан унаа жөө жүргүнчүлөр тилкесинен өтүп бараткан адамдарды сүзүп, айрымдарын тепсетип кеткен. Мындан сырткары, дагы эки унаа менен кагышкан. Кырсыктан жабыркагандар ооруканага жеткирилген. Алардын экөөнүн абалы оор дешет жергиликтүү ооруканын кызматкерлери. Элди…

Прочитайте больше

Индияда куралдуу кол салуу болду

Индияда куралдуу кол салуу болду

Индияда куралдуу кишилер тарабынан тузак салынып 11 киши каза тапты. Индияда куралдуу кишилер тарабынан тузак салынып арасында Аруначал Прадеш мыйзам чыгаруучу парламенттин мүчөсү Тиронг Абох да орун алган 11 киши каза тапты. Ытанагар полициясы акыркы шайлоолордо кайрадан талапкер болгон, Улуттук калк партиясынын (NPP) Тирап аймагынын парламент мүчөсү Тиронг Абохтун конвоюна кол салуу болгонун жарыялады. Богапани айылындагы кол салууда  автоматтар менен атылып арасында Абох, туугандары жана партиянын кызматкерлери да болгон 11 киши каза болду. Жергиликтүү басма…

Прочитайте больше

Иракта ДЕАШ операциясы

Иракта ДЕАШ операциясы

Ирактын Селахаддин аймагында террордук уюм ДЕАШ мүчөсү 11 киши жок кылынды. Ирактын Селахаддин аймагында террордук уюм ДЕАШ мүчөсү 11 киши жок кылынды. Коргоо министрлиги ДЕАШ террордук уюмга карата жүргүзгөн операцияда 11 террористтин жок кылынгандыгын, 2 бомбалуу унаа менен 13 жандуу бомба желегинин колго түшүрүлгөндүгүн жарыялады. Министрлик операциянын аймакта коопсуздук жана ырааттуулукту түзүү максатында жүргүзүлгөндүгүн баса белгиледи. ДЕАШ террордук уюм 2014 –  жылы Мусул башта болгон Ирактын үчтөн бир бөлүгүн колго алган. АКШ колдогон  Ирак армиясы…

Прочитайте больше

Украинада эрте шайлоо болот

Украинада эрте шайлоо болот

Зеленский токтомду бекитти. Украинанын президенти Владимир Зеленский, 8-Чакырылыштагы парламентти таркаткан токтомго кол койду. Буга караганда өлкөдө 21-июлда эрте шайлоо өткөрүлөт. Президенттиктин басма сөз кызматынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, президент Владимир Зеленскийдин 8- Чакырылыштагы парламентти таркаткан токтомго кол койгондугу маалымдалды. Токтомго ылайык Украинада 21-июлда эрте парламенттик шайлоо өткөрүлөт. Өткөн айдагы президенттик шайлоону жеңген Зеленский 20-май дүйшөмбү күнү парламентте ант берип кызматын расмий баштаган болчу.

Прочитайте больше

Жаңы Зеландияда мечитке кол салган адам террорчулукка айыпталды

Жаңы Зеландияда мечитке кол салган адам террорчулукка айыпталды

Жаңы Зеландиянын полициясы Крейсчерч шаарындагы эки мечитке кол салган Брентон Таррантка “террордук акт жасады” деген айып такты. Бул тууралуу Fars агенттиги кабарлады. Sputnik  агенттиги маалымдагандай, келерки июнь айында боло турган сот учурунда Брентон Таррантка “атайылап киши өлтүрдү” деген айыптан тышкары “террордук акт жасады” деген да айып тагылат. 28 жаштагы Брентон Таррант Австралиянын жараны. Ал мечиттеги жума намазга чогулгандарга ок атканын Фейсбук баракчасы аркылуу түз байланышта көрсөткөн. Анда кеминде 50 киши каза таап, бир нечеси жаракат алган Бул…

Прочитайте больше

Орусия: Ооганстандын түндүк провинцияларында 5 миңдей ИШИМ согушкери бар

Орусия: Ооганстандын түндүк провинцияларында 5 миңдей ИШИМ согушкери бар

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын директору Ооганстандын түндүк провинцияларында кайрадан ИШИМ террордук уюмунун согушкерлери топтолуп жаткандыгына тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу Mehr агенттиги Euronews  телеканалына шилтеме берип жазды. Александр Бортников КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилер кеңешинин жыйынында, ИШИМ радикал уюмунун Ооганстандагы тарапташтары “Вилаят Хорасан” учурда Ооганстандын түндүк аймактарына 5 миңдей согушкерди топтогун билдирди. Анын айтымында, согушкерлер Сирия өкмөтү тарабынан көзөмөлдөнбөгөн аймактарда жаңы топ түзүүгө же качкындардын лагеринде жашынууга аракет кылышууда. Бортниковдун билдирүүсүнө караганда, бул террордук уюмдун…

Прочитайте больше