Жаңы Зеландияда мечитке кол салган адам террорчулукка айыпталды

Жаңы Зеландиянын полициясы Крейсчерч шаарындагы эки мечитке кол салган Брентон Таррантка “террордук акт жасады” деген айып такты.

Бул тууралуу Fars агенттиги кабарлады. Sputnik  агенттиги маалымдагандай, келерки июнь айында боло турган сот учурунда Брентон Таррантка “атайылап киши өлтүрдү” деген айыптан тышкары “террордук акт жасады” деген да айып тагылат.

28 жаштагы Брентон Таррант Австралиянын жараны. Ал мечиттеги жума намазга чогулгандарга ок атканын Фейсбук баракчасы аркылуу түз байланышта көрсөткөн. Анда кеминде 50 киши каза таап, бир нечеси жаракат алган

Бул окуядан кийин Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн өлкөдө куралдардын айрым түрлөрүн колдонууга тыюу салган мыйзам кабыл алган. Бул террордук актыны дүйнөлүк коомчулук катуу айыптады.

Жарыяланды 02

Комментарий жиберүү