Орусия: Ооганстандын түндүк провинцияларында 5 миңдей ИШИМ согушкери бар

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын директору Ооганстандын түндүк провинцияларында кайрадан ИШИМ террордук уюмунун согушкерлери топтолуп жаткандыгына тынчсыздануусун билдирди.

Бул тууралуу Mehr агенттиги Euronews  телеканалына шилтеме берип жазды. Александр Бортников КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилер кеңешинин жыйынында, ИШИМ радикал уюмунун Ооганстандагы тарапташтары “Вилаят Хорасан” учурда Ооганстандын түндүк аймактарына 5 миңдей согушкерди топтогун билдирди.

Анын айтымында, согушкерлер Сирия өкмөтү тарабынан көзөмөлдөнбөгөн аймактарда жаңы топ түзүүгө же качкындардын лагеринде жашынууга аракет кылышууда. Бортниковдун билдирүүсүнө караганда, бул террордук уюмдун мүчөлөрү өздөрүнүн өздүгүн жашырып, качкын жана мигранттар катары мурдагы Совет республикаларына кирүүгө аракет жасашууда.

Эксперттердин пикири боюнча, Ирак жана Сирияда жеңилген ИШИМдин калдыктары өздөрүнүн күчтөрүн дүйнөнүн башка аймактарына, анын ичинде Түндүк Африкага жана Түштүк-Чыгыш Азияга жайгаштырууга аракет кылууда.

Жарыяланды 02

Комментарий жиберүү